Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Даутов: судьяларды ротациялоо жакшы натыйжа берет

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуПрезиденттин алдындагы Соттук жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча кеңештин эксперттик жумушчу тобунун мүчөсү Ялкун Даутов
Президенттин алдындагы Соттук жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча кеңештин эксперттик жумушчу тобунун мүчөсү Ялкун Даутов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Жазылуу
Президенттин алдындагы Соттук жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча кеңештин эксперттик жумушчу тобунун мүчөсү Ялкун Даутов 2021-жылдан тартып сот тармагында өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.
2022-жылы жалпы 312 судья ротацияланды, мындай көрүнүш өз кезегинде жакшы натыйжа берет. Бул тууралуу Ялкун Даутов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Даутов: судьяларды ротациялоо жакшы натыйжа берет
Анын айтымында, бир райондо көпкө отурган судьялардын укук коргоо органдары менен чырмалышып калган учурлары болуп келген.

"Президенттин жарлыгы менен судья жана сот кызматкерлеринин маянасы 100 пайыз көтөрүлдү. Маянанын жогору болушу соттордун адилет, калыс чечим чыгаруусуна тоскоолдуктардын бирин жоет. Мындан тышкары, соттор республика боюнча ротацияланууда. Бир райондо 10-15 жылга чейин иштеген соттор болгон. Ошондуктан 2022-жылы жалпы 312 судья бир аймактан башка регионго которулду. Бул дагы өз кезегинде жакшы натыйжасын берет. Маани бере турган бир жагдай бар, сот — акыркы инстанция. Ага чейин иш тергөөчү, айыптоочулардан өтүп, ошолордун документтеринин негизинде сот өкүм чыгарат. Демек, соттук чечимдер боюнча жалгыз эле сотторду сындай берген туура эмес. Буга катышкан бардык органдардын ишин системалуу жакшыртуу зарыл. Муну менен бирге былтыр сегиз судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, үчөө эскертүү, жети судья алдын ала эскертүү алган. Туура эмес чечим чыгарганын моюндап, өз арызы менен иштен кеткендери дагы жок эмес", — деди Даутов.

Ошондой эле ал жактоочулардын ишмердүүлүгүнө дагы баа берилиши зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0