Бишкектеги Панфилов паркындагы 7 сотых жер тилке мэрияга кайтарылды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБишкектеги Панфилов паркындагы 7 сотых жер тилке мэрияга кайтарылды
Бишкектеги Панфилов паркындагы 7 сотых жер тилке мэрияга кайтарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Жазылуу
Бул жер 2008-жылдан бери бир нече жолу сатылганы аныкталып, акыркы ээси муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте Панфилов паркындагы 41,6 миллион сомго бааланган жер тилке мэриянын балансына кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Бишкекте Панфилов паркындагы 41,6 миллион сомго бааланган жер тилке мэриянын балансына кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады

Бишкекте Панфилов паркындагы 41,6 миллион сомго бааланган жер тилке мэриянын балансына кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
1/2

Бишкекте Панфилов паркындагы 41,6 миллион сомго бааланган жер тилке мэриянын балансына кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Билдирмеге караганда, 7 сотых жер Фрунзе көчөсүндө (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатрдын орду) жайгашкан

Билдирмеге караганда, 7 сотых жер Фрунзе көчөсүндө (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатрдын орду) жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
2/2

Билдирмеге караганда, 7 сотых жер Фрунзе көчөсүндө (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатрдын орду) жайгашкан

1/2

Бишкекте Панфилов паркындагы 41,6 миллион сомго бааланган жер тилке мэриянын балансына кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады

2/2

Билдирмеге караганда, 7 сотых жер Фрунзе көчөсүндө (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатрдын орду) жайгашкан

Билдирмеге караганда, 7 сотых жер Фрунзе көчөсүндө (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатрдын орду) жайгашкан.
"Бул жерди 2008-жылы Бишкек мэриясынын айрым кызмат адамдары ар кандай оюн-зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн менчикке мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган. Аталган жер тилке Панфилов паркынын аймагына таандык жана калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык, калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери менчикке берилбейт", — деп жазылат маалыматта.
Бул жер 2008-жылдан бери бир нече жолу сатылганы аныкталып, акыркы ээси М.С.У. аттуу жаран 7 сотых жерди муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп бергени айтылды. Учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Мечиттин чатырындагы жарым айлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Ысык-Атада мечит катары колдонулуп келген мектеп мамлекетке кайтарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0