Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокустагы" теракт боюнча төртүнчү киши 22-майга чейин камалды

© Sputnik / Кирилл Зыков / Медиабанкка өтүү"Крокуста" теракт жасоого күнөөлөнүп жаткан Мухаммадсобир Файзов
Крокуста теракт жасоого күнөөлөнүп жаткан Мухаммадсобир Файзов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Жазылуу
Буга чейин Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода жана Шамсидин Фаридуни темир тордун артына жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Москванын Басман соту "Крокуста" теракт жасоого күнөөлөнүп жаткан Мухаммадсобир Файзовду 22-майга чейин камады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Ошентип теракт жасоого катышы бар делген төртүнчү киши камалды.
Буга чейин Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода жана Шамсидин Фаридуни темир тордун артына жөнөтүлгөн.
Күнөөлөнүп жаткан улан Тажикстанда туулган, орто билимдүү, эч жерде иштебейт. Буга чейин Иваново шаарында чачтарач болуп иштеген, ошол жерде каттоодо турган. Сотто ал суроолорго котормочу аркылуу жооп берип жатты. Файзовду ал жерге медиктердин коштоосунда сүйрөп жүргөн кресло менен алып келишти.
"Сот тергөөчүнүн сунуштамасын канааттандырып, Файзов Мухаммадсобир Зокирчоновичтин баш коргоо чарасын эки айга камакка алуу менен тандады", — деди судья чечимди жарыя кылып.
2024-жылдын 22-марты күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, өрт чыгаруучу каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.
Россиянын Тергөө комитети 137 киши каза тапканын айтты, аларды ичинен үчөө балдар болуп чыкты. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.
Россиянын президенти Владимир Путин теракт жасаган төртөө тең табылып, Украина тарапты көздөй баратканда кармалганын айткан.
24-март Россияда Аза күтүү күнү деп жарыяланган. ФСБ террорчулар колдонгон куралдар атайын бир жерде сакталып турганын билдирди.
Россия лидери адам канына забын болгон террорчулар, уюштуруучулар жана буюртма бергендер сөзсүз кармалып жазасын аларына убада берди.
Крокус Сити Холлдогу атышуунун кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиядагы терактыда адамдардын өмүрүн сактап калган Исламдын видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0