1-класска электрондук каттоо качан башталары айтылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевБишкектеги орто мектептин биринчи класстын окуучулары. Архив
Бишкектеги орто мектептин биринчи класстын окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Жазылуу
Суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде болот
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде саат 9:00дө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап — юридикалык жашаган жери боюнча (8-апрелден 2-июнга чейин), экинчи этап — жашаган жерине карабастан (3-июндан 30-августка чейин) каттоо.
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде болот.
Министр образования и науки КР Догдуркул Кендирбаева. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Билим берүү министри 12 жылдык окуу боюнча негизги суроолорго жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0