Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сулайманов: кыргыз жеңил өнөр жайынын имиджин түзүү зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаСоода-өнөр жай палатасынын тигүү, өнөр жай боюнча комитетинин жетекчиси жана Мода, текстиль ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов
Соода-өнөр жай палатасынын тигүү, өнөр жай боюнча комитетинин жетекчиси жана Мода, текстиль ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын тигүү, өнөр жай боюнча комитетинин жетекчиси жана Мода, текстиль ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов мамлекет ишкерлерди колдоого жеңилдетилген программаларды иштеп чыгуусу зарыл деп эсептейт.
Кыргыз жеңил өнөр жай тармагынын имиджин көтөрүү зарыл. Ал үчүн комплекстүү иштерди жасоо керек. Мындай пикирин Зафарбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сулайманов: кыргыз жеңил өнөр жайынын имиджин түзүү зарыл
Анын айтымында, аталган тармактын мыйзам талаасында иштөөсүнө шарт түзүү менен талапты да күчөтүү зарыл.
"Азыр кыргыз жеңил өнөр жайы экономкласстагы рынокко иштейт. Бул багытта продукция чыгарууда өндүрүштүн көлөмү чоң болгону менен кирешеси анчейин деле көп боло бербейт. Мисал үчүн башка мамлекеттерге барып, биздин тикмечилик тууралуу сөз кыла турган болсок, алар Кыргызстан жеңил өнөр жайы жөнүндө кабары жок экенин айтышат. Ошол эле учурда жаныбыздагы өзбек текстилин таанышат. Андыктан биз массалык өндүрүшкө басым жасабай кыргыз жеңил өнөр жайынын имиджин түзүп, деңгээлин көтөрүүгө мезгил келип жетти. Ал үчүн биринчи кезекте ишкерлер мыйзам алкагында иштөөдөн качпашы керек. Муну бийлик талап кылуусу зарыл. Ошо менен катар өкмөт субсидияларды берип, ар тараптуу колдоо көрсөтүүсү зарыл", — деди Сулайманов.
Ал тигүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу заман талабы болуп турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0