Лавров: Макрон Украинага аскер жөнөтөлү деп АКШга жагынып жатат

© Sputnik / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Жазылуу
Лавров Евробиримдикти интригаларды биринчи орунга койгон "чатак уюм" деп атады.
БИШКЕК, 24 мар — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага аскер жөнөтүү мүмкүндүгүн жарыялап, АКШ жетекчилигине жагынууну көздөп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТОнун Югославияга каршы агрессиясынын 25 жылдыгына арналган "Белград" даректүү тасмасында билдиргенин ТИМ сайты жарыялады.
"Европа толугу менен АКШнын "карамагына" өттү. Эгемендүүлүк жок. Франция президентинин акыркы бир нече жыл ичиндеги кандайдыр бир "стратегиялык автономияны" түзүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөрү болбогон нерсе болуп чыкты. Эми Макрондун Украинага кургактагы аскерлер жөнөтүлүшү мүмкүн деген кеби "стратегиялык автономия" жөнүндө эмес, АКШга жагынып, ошол эле учурда Түндүк атлантикалык альянстагы союздаштарды провокациялоого багытталган", - деди Лавров.
Ал ошондой эле Балтика жана башка өлкөлөрдө да ушундай идеялар менен жаш муундагы саясатчылар чыгып жатканын белгиледи.
"Польшанын саясатчылары жетилген, бирок алар да чагымчыл оюн ойноого даяр. Германиянын канцлери Шольц азырынча жок дегенде этияттык көрсөтүүдө. Бирок Украинада НАТОнун аскерлерин жайгаштыруу темасын провокациялоо башка нерселер менен катар анын Евробиримдиктеги позициясын франко-германдык атаандаштыктын контекстинде бузууну көздөйт. Ал жерде көп нерсе бар. Ушундай чатак уюм. Биринчи орунда элдердин жана мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгы эмес, жеке саясий, эгоисттик пландары, умтулуулары, интригалары турат", - деди Лавров.
Эске салсак, 26-февралда Парижде француз лидеринин демилгеси менен Киевге колдоо көрсөтүү боюнча өткөн конференцияга Германия, Улуу Британия, Польша, Дания, Нидерланддар баш болгон өлкөлөрдүн лидерлери катышкан.
Франция президенти Эммануэль Макрон Россиянын "бул согушта жеңилиши үчүн" Париж колдон келген аракетин жасай турганын белгилеген. Анын билдирүүсүнөн кийин дароо эле Германиянын канцлери Олаф Шольц менен коргоо министри Борис Писториус Германия Украинага аскер жөнөтпөй турганын, НАТО мамлекеттеринин дегеле андай ою жок экенин айтышкан. Ошондой эле канцлер Украинага Taurus ракеталарын жөнөтүү да пландалбаганын кошумчалаган. Андан сырткары, анын өлкөсүндөгү бир топ ири партиялардын өкүлдөрү да бул мааниси жок кадам болуп калганын белгилешкен.
Франция президенти Эммануэль Макрон жубайы Брижит Марко менен. Архив   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Макрондун аялы эркекпи? АКШдагы Франциянын биринчи айымы боюнча "иликтөө"
Жаңылыктар түрмөгү
0