Ош шаарында жылуулук өчүрүлдү. Бишкекте качан токтотулат?

© SputnikЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ош шаарында 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон.
Ал эми Бишкекте жылуулук берүү токтотула элек. Мэрия абанын температурасы беш күн катары менен сегиз градус жылуу болгондо өчүрүлөрүн билдирди.
Бишкектеги Газпром Кыргызстан компаниясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Бишкекте эки ТЭЦ куруу мерчемделүүдө. "Газпром" ишканасынын планы
Жаңылыктар түрмөгү
0