Турган жеринен төгүп, элди ыйлата да, күлдүрө да алган. Какен Алмазбековду эскерүү

© Фото / предоставлено Жусой КасиетовымАкын Какен Алмазбеков
Акын Какен Алмазбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Жазылуу
"13 жашар баланын арманы", "Чагылган", "Сагынам", "Эненин арманы", "Айдай кыз" өңдүү белгилүү ырлардын жана дастандардын сөзүн жазган акын Какен Алмазбековдун 90 жылдык мааракеси белгиленет.
Акын сөздөрү салмактуу, мааниси терең чыгармалары менен улуу муундун жүрөгүндө калды.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында конокто Какен Алмазбековдун агасынын кызы Зинат Арбаева жана акын, изилдөөчү Жуса Касиетов болду. Биз залкар инсандын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
— Какен агайдын балалыгы кандай өткөнү, чыгармачылыкка келип калган жолу тууралуу айтып берсеңиз?
Зинат Арбаева: — Агам Сокулук районунун Шалта айылында 1934-жылы 13-июлда туулган. Бала кезинен эле чыгармачылыкка шыктуу болгондуктан жергиликтүү гезиттерге ырлары чыккан. Өзү да "ата-энемден келген талант" деп калчу. Анткени Алмазбек атабыз абдан сөзмөр, таланттуу киши болгон, эл чогулган жерлерде санжыра айткан, оозунда кеби бар инсан болуптур. Чоң энебизди чакырып атайын кошок айттырышчу. Абдан уз киши эле. Шырдак жасап, шырып, жууркан-төшөктөрдү тикчү. Агабыздын өнөрлүү чыгышына ушунун баары түрткү болсо керек. Билимди борбордогу №5 мектептен алган. Шалта айылыбыз шаарга жакын болгондуктан келип-кетип окуду. Өскөн Даникеев өңдүү белгилүү акын-жазуучулар менен классташ эле.
© SputnikКакен Алмазбековдун агасынын кызы Зинат Арбаева
Дочь младшего брата Какена Алмазбекова Зинат Арабаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Какен Алмазбековдун агасынын кызы Зинат Арбаева
— Агай чыгармачылыгында дастанга ыктап, арман ырларын көп жазган экен.
З.А.: — Биз мектепте окуп жүргөндө маданий кечелерге, таймаштарга, концерттерге агам ыр жазып берчү. Дайым утуп кетчү элек. Кийин айлана-чөйрөнү көрүп, көкүрөгү туйган көйгөйлөрдү, байкаганын ырга салса керек. Мисалы, "Эненин арманы" айылыбыздагы бир апанын тагдыры экенин айтып жүрчү. Термелерин да турмуштан алган. Насаат ырлары да ошол багытта жазылган.
— Жуса мырза, сиз Какен Алмазбековдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн экенсиз. Кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
Жуса Касиетов: — Бул кишинин талантынын күчтүүлүгү Замирбек Үсөнбаев ырдаган термелеринде көрүнөт. Турган жеринен төгүп айткан талантка ээ болгон. Байдылда Сарногоев экөө чыгармачылык байланышта эле. Азыркы учурда көп таланттар унутта калууда. Азырынча иш-чара уюштура албасам да социалдык тармактарга чыгармаларын жарыялап, унутта калган ырларын чыгаруудамын. Какен атабыздын "Он жылдан кийин" деген аталыш менен чыккан эң алгачкы ырлар жыйнагы табылды. Бул — балдар темасына арналган жомок. Сүрөттүү жакшынакай чыккан экен. Мурда эч бир китептерине кирген эмес. Жакында 90 жылдыгына карата китеби чыгып калат деген үмүттөбүз. Буга чейин чыккан 8 китебиндеги ырларынын баарын терип даярдап жатабыз.
© SputnikАкын, изилдөөчү Жуса Касиетов: Бул кишинин жашоосу да драмалуу болгон. Жашында атасынан айрылып, катар-катар бир туугандарын жоготуп, жеке турмушу да жакшы болбой калат. Ушунун баарын дастандарында, термелеринде чагылдырган.
Поэт, исследователь Жуса Касиетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Акын, изилдөөчү Жуса Касиетов: Бул кишинин жашоосу да драмалуу болгон. Жашында атасынан айрылып, катар-катар бир туугандарын жоготуп, жеке турмушу да жакшы болбой калат. Ушунун баарын дастандарында, термелеринде чагылдырган.
— Мүнөзү кандай эле?
З.А.: — Жумшак, мээримдүү, жоош, өзүнчө дүйнөсү бар чыгармачыл адам болчу. Ашыкча сүйлөчү эмес. Ата-энебиз эрте каза болгондуктан бизге ата ордуна ата болуп, бир туугандарыма камкор болду. Так илимдерге жөндөмдүү эле, математиканы кыйын билчү. Чарбачыл болду. Корообуз чоң эле, кыдырата алма тигип, айылдын баары бизден алып кетчү. Багбанчылыкка да үйрөткөн. Кийин алманын түрүн өстүрдү. Мындан тышкары, иш бөлмөсүндө столу бар эле, чыгармачылык менен алпурушуп жатканда тоскоол болчу эмеспиз. Радиодон ырлары жаңырса сүйүнүп "биздики кетти" деп койчу. Эрте жетим калгандыктан бизди кийинтип-ичинтип, абдан жакшы карады. Боорукер эле.
— Канча жашында үйлөндү?
З.А.: — Биринчисинде 20дан өтүп үйлөнгөн. Ал кезде гастролдоп көп жүрүшчү. Угушумча, ошондой күндөрдүн биринде жеңебиз чоң энебизге жакпай калган окшойт. Ал кезде ата-эненин сөзү мыйзам эмес беле. Кийин 40тан өткөндө үйлөндү. 42 жашында уулдуу, кийин кыздуу болду. Балдарын аябай жакшы көрчү. Эркелетип, бизге мээрим чачкандай аларды да аздектеп бакты.
— Чыгармачылык чөйрөсү да болсо керек?
З.А.: — Ооба, Орозбек Кутманалиев айылдашыбыз болгондуктан көп келчү. Жапар Чабалдаевди көрчүмүн. 17 жашымда Шалтадан кеткем. Ошого чейинкилерин айтып жатам. Адатта акын, обончунун аты эмес, аткаруучунун аты айтылып калат эмеспи. Анткен менен "Чагылган", "Сагынам", "Жыпары белең баланын", "Болор бекен биздин той" деген ырларын эски кишилердин баары эле Алмазбековдуку экенин билет. Бирок чыгармачылык кечелерде текстин жазган автордун аты аталбай калат. Бул өкүнүчтүү.
— Агайдын наамы деле жок экен...
З.А.: — Ооба, өзү же жулунбаса, же суранбаса... "Мени эл билет" деп эле койчу. Байлыкка деле кызыккан эмес.
Кыргыз кереметин жаратуучулардын бири Мурат Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Кыргыз кереметин жаратуучулардын бири Мурат Алиев. Эскерүү маеги
— 90 жылдыгына карата кандай маалыматтарды таба алдыңыз?
Ж.К.: — Какен атабыздын чыгармачылыгынын чети оюла электей. Алыста бүлбүлдөп көрүнгөн оттой сезилет. Бул кишинин китептери Улуттук китепканада сакталуу экен. Баары бар. Бирок мамлекеттик архивден сүрөттөрүн карап таппадым. Орозбек Кутманалиев аганын үйүнөн чыкса керек. Кызыктуу фактыларды да таптым. Чоң атасы Мыктыбек Шамшы айылына башкарма болуп калган экен. Ошол айылда Ыбрай аттуу ажы болот. Башкарма ажынын кызынын акылдуулугун, ыймандуулугун байкап, уулу Алмазбекке куда түшүптүр. Кийинки жылы жуучу жөнөтүп кызды алдырып, ата-энеси ушинтип баш кошуп калат. Какен атабыздын апасы жогоруда айткандай бир айткан кошогун кайра кайталабаган чоң талант болгон экен. Ал кишинин да төкмөлүк жагы болуптур.
— Калемдештери, замандаштары менен байланыша алдыңызбы?
Ж.К.: — Учурда "Манас" театрында иштеп жаткан Айтбү Атамкулова деген эжебиз бар. Ал киши Какен атаны көрүп калган. Каза болор алдында Какен Алмазбековдун чыгармачылык кечесин өткөрүшүп, аны телевидениеге тартып калышкан. Тасмада акын ырларынын баарын жатка айтып жатат. Ал кишинин чыгармачылыгындагы дагы бир өзгөчөлүк — юмор. Ошол мезгилде клёш шымдар мода болуп, эркек балдар чачын өстүргөн экен. Бул Какен атага жакпай, ошол тууралуу айтып жатса отургандар дуулдап кол чаап, күлүп жатышат.
Ичкилик тууралуу да айтканы бар. Булардын баары күлкү тартуулоочу, өлбөс-өчпөс чыгармалар. "Кыргызым, чолпон жылдызым" деген көлөмдүү дастаны бар. Китеп окубай калгандыктан аны эч ким билбей калды. Укмуш көркөм, төрт тарабы төп келген чыгарма. "13 жашар баланын арманы" өңдүү дастандары бар. Термелери да маңыздуу. Кыргыз радиосунда жазылып турат. Обондуу ырлары да элге сиңип кеткен. Койсун Карасартова менен Сейитказы Андабеков аткарган тамашалуу ыры да элди юморго бөлөйт. Кыскасы, бул киши ыйлата да, күлдүрө да билген.
З.А.: — 1991-жылы өткөн кечесине Орозбек Кутманалиев, Замирбек Үсөнбаев баштаган бир катар инсандар катышкан. Агамдын 90 жылдык мааракесине карата ошол чыгармачылык кечесин дагы бир эфирден кетирсе болмок. Ошондо 57 гана жашта экен, чыккан ар бир ырчыга ыр арнап жатканын көрдүм. Маданият министрлигине да мааракесин өткөрүү боюнча кат жолдодук. Майда ыр китептери бириктирилип, бир басылып чыкса деп ойлойбуз. Ошону да суранат элек. Азыр Замирбек Үсөнбаевдин окуучусу Самат Көчөрбаев устаты кандай үйрөтсө агамдын термелерин ошондой аткарып, окуучуларына үйрөтүп жүрөт. Муну менен катар акын Анатай Өмүрканов да "Мурас" китебине баш сөз жазып, колдоп келди.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жашоого тойбой кетти... Өнөрдүн даткасы Азиз Мурадилаевди эскерүү
— Азыр 60 деген жаш эле курак да. Оорудубу?
З.А.: — Чылымды абдан көп чекчү, ошол себептенби, айтор, өпкө оорусуна чалдыгып калган экен. Жаман оору бат эле мүдөөсүнө жетет. Көп деле ооруган жок. Бир айдай жатып эле, 1991-жылдын сентябрь айында өтүп кетти. Ага чейин көп кол жазмалары жарыкка чыкса деп далалат кылып жүрүп, максатына жетпей калды. Бирок каза болгондон кийин карындашы Сания үч китебин чыгарып, чыгармаларын патенттеген.
Ж.К.: — Майрамкан Абылкасымова эжебиз да муну бир маегинде айткан. Илгери жаш чагында ырчы Жапар Чабалдаев Абылкасымовага ашык болуп калат. Анан курдашы Какен Алмазбековго айтып "Сагынам" аттуу белгилүү ырдын сөзүн жаздырып, өзү обон жаратып ырдап чыгат. Майрамкан апа өзү Кеминдеги Алмалуу айылынан да. Ыр саптарында бул чагылдырылып турбайбы. Какен атабыз деле экөөнүн кечелеринде ыр окуп жүргөн. Анан кийин бир маегинде эмнегедир Майрамкан Абылкасымова "Сагынам" ырынын сөзү, обону Жапар Чабалдаевдики" деп коюп, ошону менен тарап кетет. Бирок Сания апабыз баарын иликтеп, ырдын тексти Какен Алмазбековдуку экенин тастыктаган.
Гезитке бир ыры чыгып, аны Амантай Кутманалиевдин ырдаганын угуп, ырын таанып, Какен атабыз келип гезитти алып кеткен экен. Бирок аны да таппай жатабыз.
З.А.: — Мындай ырлары көп. Анткени сурангандардын баарына эле жазып берип койчу. Малик Аликеевдин жаш кезинде агам " ушул балага бир чыгарма жазып беришим керек. Аны ырдаса таланты мындан да катуу таанылат" дечү. Бирок ал Маликтин колуна тийбей калды.
Ж.К.: — Бул кишинин жашоосу да драмалуу болгон. Жашында атасынан айрылып, катар-катар бир туугандарын жоготуп, жеке турмушу да жакшы болбой калат. Ушунун баарын дастандарында, термелеринде чагылдырган.
— Канча бир тууган эле?
З.А.: — Булар жети эркек, бир кыз. Согуштун залдарын көрүп калышкан да. Менин атам 1976-жылы каза болуп калды. Андан кийин эки иниси, көп узабай апасы кетти. Ушинтип катар-катар жоготууну башынан өткөргөн.
— Эми быйыл 90 жашка чыкмак экен...
Ж.К.: — Ооба, мааракесине карата чыгармаларынын баарын көлөмдүү китеп кылып чыгарып койсо жакшы болот эле. Мындан тышкары, муундан-муунга өтө берчү чыгармаларды жараткан Какен Алмазбековдун ырлары дагы да аткарылып жатат. Ошол себептен министрлик концерт уюштурса деген тилек. Китеп чыгарууда көзү өтүп кеткен таланттарга басым жасалса жакшы болмок. Көзү тирүүлөр чыгарып алууга кудурети жетет. Анткени Шербет Келдибекова, Алым Токтомушев, Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев жана Какен Алмазбековдун кандай гана ырлары көмүскөдө жатат. Кандай гана керемет чыгармалары бар.
Геолог, геология-минералогия илиминин доктору Виталий Ставинский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
Талааны шаарга айланткан. Кыргызстандын биринчи геологу Ставинскийди эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0