КМШда миграциялык мейкиндиктин жалпы концепциясы жаңыланат. Эмне өзгөрөт?

© Фото / пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүКМШ мүчө-мамлекеттерин желектери. Архив
КМШ мүчө-мамлекеттерин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. КМШда Шериктештиктин миграциялык мейкиндигинин жалпы концепциясы жаңылана турганын "Парламенты СНГ" Телеграм каналы билдирди.
Россиянын Мамлекеттик Думасында тегерек стол өтүп, анда концепцияга киргизиле турган өзгөрүүлөрдүн негизги багыттары сунушталган. Документ КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан 2012-жылы кабыл алынган болчу.
Тегерек столдун катышуучулары миграциялык тарыхы бар балдарды социалдык жактан коргоо жана билим берүүнү нормативдик-укуктук жөнгө салууну жакшыртуу, ошондой эле этникалык анклавдардын пайда болушуна каршы туруу маселелерин талкуулашканы айтылды.
Концепцияда эмгек мигранттарын иш менен камсыздоо рыногунун структурасы жана мамлекеттердин ортосундагы миграциялык агымдын мүнөзү өзгөртүлөт. Миграция тармагындагы мамлекеттик кызматтардын санариптештирилери белгиленди.
Россияда Яндекс.Лавка кызматында иштеген мигрант. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Путин: биздин коомго аралашып кетиши үчүн мигранттарга кам көрүш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0