Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

"Крокустагы" терактыдан улам кыргызстандыктар россиялыктарга көңүл айтууда. Видео

Жазылуу
Шаар тургундары Россиянын Бишкектеги элчилигине жана Ош калаасындагы Башкы консулдугуна көңүл айтуу иретинде гүл алып келип жатышат.
"Крокустагы" терактыдан улам кыргызстандыктар россиялыктарга көңүл айтууда.
Алар Россиянын Бишкектеги элчилигине жана Ош шаарындагы Башкы консулдугуна көңүл айтуу иретинде гүл алып келип жатышат.
"Кыргыз эли терактыдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт. Жабыркагандар тезирээк айыгып кетсин. Мындай окуялар кайталанбасын", — деди Кадырбек Сасыкулов аттуу Бишкек шаарынын тургуну.
Ал эми Эрик аттуу шаар тургуну Орозодо мындай окуя болгонуна ишене албай жатканын билдирген.
"Аны ким жасаса да Кудай жазасын берсин. Жай жарандарды өлтүрүштү. Бул адамгерчиликке жатпайт. Аларга эки дүйнөдө тең орун жок", — деген ал.
Тамара аттуу шаар тургуну көзүнө жаш алып, жүрөгү ооруп турганын айткан.
"Урматтуу Россия Федерациясынын эли, Кыргызстан эли аза-кайгыңарды тең бөлүшөт. Эмне дешти билбей турабыз… Кайгыңарды тең бөлүшөбүз, биздин да жүрөгүбүз ооруп турат. Кол салгандар табылып, жазаланат деп үмүттөнөбүз", — деген ал.
"Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта болду. Белгисиз адамдар элди аткылап, күйүүчү каражаттарды ыргытып, имаратта өрт чыккан. Соңку маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 60тан ашты, анын ичинде үчөө — балдар. Жалпы жонунан 115 адам жабыркаганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0