Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Керектөөчү кайсы учурда товарды кайтарып же алмаштырып алса болот?

© Sputnik / Асель СыдыковаМонополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев алмаштырып же кайтарып алууга болбой турган товардын 16 түрү бар экенин айтып берди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылы керектөөчүлөрдүн 516 арызын карап чыкты. Жыйынтыгында 368 мыйзам бузуу аныкталып, 131 буйрук чыгарылып, 14 административдик айып салынды. Бул тууралуу Жээналы Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Керектөөчү кайсы учурда товарды кайтарып же алмаштырып алса болот?
Анын айтымында, дүкөндөрдүн "Сатылган товар алмаштырылбайт жана кайра кайтарып алынбайт" деген тактаны илип алуусу мыйзамга каршы келет.

"Эң кеңири таралган даттануулар бул сапаты, өлчөмү, түсү, фасону жана башка параметрлери боюнча канааттандырбаган товарларды алмаштыруу же кайтаруу маселелерине тиешелүү. Ошондой эле курулушту аяктоо мөөнөтүнүн сакталбагандыгы жана чарчы метри шайкеш келбегендиги боюнча да арыз менен кайрылышат. Кыргызстанда жылына 100 миӊдей керектөөчүнүн укугу бузулса, анын 500дөйү эле арыз менен кайрылат. Калганы унчукпай тим болот же болбосо укугу бузулганын деле билбейт. Бизде "Керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзам бар. Анда керектөөчүнүн товарды алганга чейин каалаган убакта, ал эми товарды алгандан кийин 14 күндүн ичинде баш тартууга укугу каралган. Керектөөчү товардан баш тартса, сатуучу ага он күндөн кечиктирбестен же сатуучу кайтарылган товарды алган күндөн тартып беш күндүн ичинде ага акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү. Аралыктан сатып алынган товарларды кайтаруу менен байланышкан чыгымдарды сатуучу көтөрөт. Бирок эгерде товар колдонулган болсо жана аны колдонуунун ачык белгилери байкалса, товардык көрүнүшү, фабрикалык этикеткасы сакталбаса, сатып алуучунун колунда товардык же кассалык квитанция же төлөмдү тастыктаган башка документ жок болсо, анда сатуучу кайтарып берүүдөн же алмаштыруудан баш тарта алат. Андан тышкары, алмаштырып же кайтарып алууга болбой турган товардын 16 түрү бар. Алар: асыл металлдан, асыл жана жарым асыл таштардан жасалган буюмдар, кепилдик мөөнөтү бар татаал техникалык товарлар, колготки, байпак, кол каптар, шейшеп, жаңы төрөлгөн балдар үчүн шейшептер, өлчөнүп кесилип сатылган буюмдар (кездеме, тюль, килем жана башкалар), парфюмериялык жана косметикалык буюмдар, синтетикалык жуучу каражаттар (суюктук), айнек, пластмасса жана аэрозолдук таңгактагы тиричилик химиялык товарлары, канцелярдык буюмдар (сыя, боёк, лак, майлар, көркөм сүрөт үчүн суюлтуучу каражаттар), фотопленка, фотокагаз, фотореагенттер, жеке гигиеналык каражаттар, эмерек жана табигый жүндөн жасалган буюмдар. Ал эми керектөөчү дары-дармекти рецепт менен сатып алган болсо, анда кайтарып же алмаштырып алганга укуктуу", — деди Орозбаев.

Ал калк арасында маалымдуулукту жогорулатуу максатында 15-марттан 15-апрелге чейин "Керектөөчү, өзүңдүн укугуңду бил" деген темада акция жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0