Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кайыпов: Ноорузду өз салтыбыз менен түпкү маанисин бузбай майрамдап келгенбиз

© Sputnik / Асель СыдыковаФольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов
Фольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Фольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов кыргыз бардык нерсени негизги маанисин бузбай, өз салтына ылайыкташтырып колдонуп алганын айтты.
Нооруз майрамынын эч бир дин, эч бир идеология жатыркап жерибей турган касиети бар. Ал коомдо адамдарды бириктирүүчү мааниге ээ. Бул тууралуу Сулайман Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кайыпов: Ноорузду өз салтыбыз менен түпкү маанисин бузбай майрамдап келгенбиз
Анын айтымында, Нооруз — ичтеги таарынычтарды жоюп, араздашкандарды жараштыруучу, жаман иштерден аруулануучу күн.
"Түрк элдери бул майрамды ар кандай майрамдайт. Кыргыз саясий болобу, диний болобу, бардык нерсени түпкү маанисин бузбай өз салтына ылайыкташтырып колдоно билген. Сүмөлөк жасоо оюн-зоок менен коштолуп, ал түнү эл уктабаганга аракет кылган. Ал эми уктап калгандарынын кирпиктерине акырын сүмөлөк сүртүп, тамашага салышкан. Баары шаңдуу тосушкан. Аксакалдар санжыра айтып отурган. Нооруз күн менен түндүн теңелишине туура келет. Негизинен бир-эки күн гана айырма болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен ушул күндөрү жылуу сөздөрдү, жакшы тилектерди айтышкан. Күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, аруулануучу күн деп эсептешкен. Бизде мурда Нооруз үч күн катары менен майрамдалса, азербайжандарда 13 күнгө чейин созулган. Кыргыздар Ноорузду колдо болгон азыгыбыз менен дасторкон жайып, карманган каада-салтыбыз менен философиясын бузбай майрамдап келгенбиз ", — деди Кайыпов.
Ал өлкөнүн түндүгүндө көжө, ал эми түштүктө көбүнчө сүмөлөк жасашканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0