Дмитрий Бивол Ысык-Көлгө машыгууга келди. Сүрөттөр

© Фото / Пресс-служба мэрии Чолпон-АтыБокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Чолпон-Атага келди
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Чолпон-Атага келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Спортчу Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл жүрөгүнө жакын экенин айткан.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта Бивол машыктыруучусу менен Ысык-Көлгө машыгууга келгени айтылган.
"Бивол Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл жүрөгүнө жакын экенин билдирип, жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады", — деп билдирди мэрия.
Ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын мэри спортчу менен жолугуп, шаардын символикасын белек кылган.
Празднование Нооруза-2024 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Ынтымактын жылы болсун! Садыр Жапаров элди Нооруз майрамы менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0