Путин: ЕАЭБдин мааракелик саммити Москвада 8-майда өтөт

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путиндин ЕЭКтин коллегия башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу
РФ президенти Владимир Путиндин ЕЭКтин коллегия башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Путин Россия тарап ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүн тосуп алууга даяр экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин мааракелик жыйыны Москвада 8-майда өтөт. Бул тууралуу Владимир Путин Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия башчысы Бакытжан Сагинтаев менен болгон жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды.
"8-майда өтө турган мааракелик иш-чарага даярдык көрө баштаганыңыздарды билем. Аны Москвада өткөрөбүз", — деген Путин.
Ал Россия тарап ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүн тосуп алууга даяр экенин кошумчалаган.
"Биз даярбыз. Өзүңүз билгендей, мындай иштерди чын дилден жасап, өткөрүп, кесиптештерди тосуп алабыз", — деген Россия президенти.
Иш-чарага Садыр Жапаров катышарын администрациясы тастыктады.
Быйыл ЕАЭБдин 10 жылдык мааракеси белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Садыр Жапаров ЕАЭБде кандай көйгөйлөр бар экенин айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0