Кыргызстан Израилдин башкы демөөрчүсү АКШны геноцидди токтотууга чакырды

© Sputnik / Владислав НогайМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Байсалов эки миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, буга дүйнө эч нерсе кыла албай жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү Америка Кошмо Штаттарын акылсыздыкты (Газадагы - ред.) жана геноцидди токтотууга чакырат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышына катышып жатканда айтты.
Ал дүйнө коомчулугу алты айдан бери Газа калкынын методикалык түрдө жок кылынышына күбө болуп келе жатканын айткан.
"Буга чейин 13 миң бала каза тапкан. БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн. Мунун баары документтештирилди! Биз 2024-жылы болгон мындай геноцидди түз берүүлөрдөн көрүп жатабыз. 2 миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, дүйнө эч нерсе кыла албай жатканын түз эфирден көрүп жатабыз", — деген Байсалов.
Кыргызстан террорчулукту айыптаарын, октябрда Кыргызстан Израилдин жарандарына кол салууну айыптай турганын айтканын эске салды.
"Биз Израиль элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок Израиль өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок. Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү Америка Кошмо Штаттарын бул акылсыздыкты жана геноцидди токтотууга чакырат", — деген ал.
Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
С. Жапаров: Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укугун тааныйт
Жаңылыктар түрмөгү
0