Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

РФтеги шайлоо: БШК бардык протоколдор саналып, Путин алдыда экенин айтты

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо өтүп, ага төрт талапкер катышты.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин алдыда келе жатканын бардык протоколдор саналгандан (100 пайыз) кийинки жыйынтык көрсөттү. Бул туурасында РФтин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкенин Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Талапкерлердин алган добуштарын пайыздык көрсөткүчтөр менен карасак төмөнкүдөй:
Владимир Путин — 87,28 пайыз;
Николай Харитонов — 4,31 пайыз;
Леонид Слуцкий — 3,2 пайыз;
Владислав Даванков — 3,85 пайыз.
Эскерте кетсек, Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо өтүп, ага төрт талапкер катышты. Мындан мурдагы жыйынтыктарда да Путин атаандаштарынан көп добуш алганы айтылган.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Россия президентин шайлоо
Садыр Жапаров Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0