Нооруз майрамына карата Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөлөрүн убактылуу жабуу. Архив
Бишкектин көчөлөрүн убактылуу жабуу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте Нооруз майрамын белгилөө маалында айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу ЖККББ билдирди.
Маалым болгондой, 19-20-21-мартта төмөнкү көчөлөрдө автоунаалар үчүн чектөө киргизилет:
Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
Раззаков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү;
Орозбеков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү.
Жол инспекциясы түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландоону суранат.
Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Бишкек — Ош жолунда автоунаалар үчүн чектөө киргизилет
Жаңылыктар түрмөгү
0