Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Кыргызстандык депутат: Москвада эл шайлоонун маанисин түшүнүп келгени байкалууда

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Россияда өтүп жаткан президенттик шайлоого байкоочу болуп барган
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Россияда өтүп жаткан президенттик шайлоого байкоочу болуп барган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынан барган байкоочулар курамына кирет.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Россияда өтүп жаткан президенттик шайлоого байкоочу болуп барган. Ал ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар курамына кирет.
Эрбаев Москва шаары жана Москва облусунда өтүп жаткан шайлоо өнөктүктөрү тууралуу пикирин билдирди.

"Элдин шайлоонун маанилүүлүгүн түшүнүп келгени байкалууда. Бир катар шайлоо тилкелерине балдары менен келген ата-энелерди көрдүм. Бул мекенди сүйүүдөн, жоопкерчиликтүү мамиледен кабар берет. Анткени алдыңкы алты жылга мамлекет башчысын шайлап жатышат да", — деди депутат.

Белгилей кетсек, Россияда 15-мартта башталган шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулууда. Президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.
Россиянын Бишкектеги элчилигинде президентик шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Россия президентин шайлоо
Кыргызстанда РФ президентин шайлоодо түшкө чейин 4 миңден көп адам добуш берди
Жаңылыктар түрмөгү
0