Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 11 чакырымдай тилкеси макулдашылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРЭки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында өткөн
Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында өткөн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында 12-17-март күндөрү Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн.
Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым. Өткөн жылдын августундагы маалымат боюнча, чек аранын тактала элек бөлүгү 290 чакырым болчу. Андан бери макулдашылган тилкелер 200 чакырымдан ашып калды.
Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси талкууланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси талкууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0