Нигер АКШ менен аскердик кызматташтык боюнча келишимди токтотту

© AP Photo / Carley PeteschНигердеги авиабазада АКШ жана Нигер желектери. Архив
Нигердеги авиабазада АКШ жана Нигер желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Жазылуу
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, мындай чечим америкалык аткаминерлердин аталган өлкөгө делегация мүчөлөрү, иш сапардын күнү жана күн тартиби тууралуу кабарлабай туруп барышкандан кийин кабыл алынган.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Нигердин бийлик башында турган аскер адамдары АКШ менен келишимин токтотту. Бул тууралуу РИА Новости Reuters агенттигине таянып жазды.
Маалыматка ылайык, ал келишим америкалык аскер бөлүктөрүнүн аталган Африка өлкөсүнүн аймагында жайгашуусуна уруксат берчү.

"Нигердин башкаруучу аскердик тобу Кошмо Штаттардын аскерлери менен Коргоо министрлигинин кызматкерлерине аталган өлкөдө жүрүүгө уруксат берчү келишимин жокко чыгарды. Чечим тез аранын ичинде күчүнө кирет", — деп жазылат маалыматта.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, мындай чечим америкалык аткаминерлердин, тактап айтканда, АКШ мамлекеттик катчысынын Африка иштери боюнча жардамчысы Молли Фи менен Пентагондун Африкадагы бөлүмүнүн башчысы Майкл Лэнгнинин иш сапарынан кийин кабыл алынган.
Нигердин аскердик өткөөл өкмөтүнүн расмий өкүлү сөз сүйлөп, анда америкалык делегация Нигерге келчү делегациянын курамы, келе турган күнү жана күн тартиби тууралуу маалымдабай дипломатиялык протоколду бузганын белгилеген. Ошондой эле ал тараптар Нигердеги бийликтин алмашышы жана эки өлкөнүн кызматташуусу тууралуу талкуулашканын кошумчалаган.
Агенттик белгилегендей, 2023-жылдын эсеби менен Нигерде АКШнын 1,1 миң аскер кызматкери бар. Өлкө аймагында Американын учкучсуз аппараттар базасы жайгашкан.
Пентагон РИА Новостиге Нигер менен алака уланып жатканын, маалымат улам берилип турарын билдирди.
Нигердин аскер кызматкерлери былтыр июлдун аягында улуттук телеканал аркылуу президент Мохамед Базумдун бийликтен четтетилгенин жарыялашкан. Башында президенттик гвардия башчысы, генерал Абдурахман Тчиани турган аскер кызматкерлери бийликти колго алып, ага улай эле Франция менен аскер келишимин жокко чыгарышкан.
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Трамп: Байдендин тушунда АКШнын дүйнөдөгү кадыры бир топ түштү
Жаңылыктар түрмөгү
0