Кыргызстан фармацевтика жаатында Өзбекстан менен кызматташууга даяр

© Фото / пресс-служба Минздрава КРСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Асилбек Худояров менен жолукту
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Асилбек Худояров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Жазылуу
Ведомство жетекчилери Казакстандын Астана шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында кезигишкен.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Асилбек Худояров менен жолукканын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРВстреча министра здравоохранения КР Алымкадыра Бейшеналиева, с и.о. министра здравоохранения Республики Узбекистан, Асилбеком Худояровым в Астане
Встреча министра здравоохранения КР Алымкадыра Бейшеналиева, с и.о. министра здравоохранения Республики Узбекистан, Асилбеком Худояровым в Астане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Билдирмеге караганда, алар Казакстандын Астана шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында кезигишкен.
Жолугушууда медициналык билим берүү тармагындагы иш-чараларды координациялоо, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана фармацевтика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулган.
"Кыргызстан үчүн фармацевтика тармагында чогуу иштешүү маанилүү. Биз "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы аркылуу калкыбызды сапаттуу дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо үчүн кызматташууга даярбыз", — деген Бейшеналиев.
Акылбек Жапаров Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Battal Holding фармацевтикалык компаниясынын иши менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
Түркиялык компания Кыргызстанда фармацевтика заводун курууга даяр экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0