Кызамыкка каршы ревакцинациялоо 6 жашта эмес, 2 жашта сайыла турган болду

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЭмдөө учурунда атасы менен отурган бала. Архив
Эмдөө учурунда атасы менен отурган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Вакцина бул курактагы балдардын ооруга чалдыгуу коркунучун азайтат.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги профилактикалык эмдөө календарына өзгөртүү киргизгенин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, эми кызамыкка каршы ревакцинациялоо (экинчи жолу эмдөө) 6 жашта эмес, 2 жашта сайылмакчы. Мындай чечим кызамыктын жайылышын токтотуу үчүн кабыл алынган.
"1 жаштан 4 жашка чейинки балдар арасындагы кызамыкты жоюу үчүн иммунизация боюнча түзүлгөн адистердин илимий-техникалык тобу кызамык жана кызылчага каршы кайра эмдөөнү 2 жашта жасоону сунуштады. Вакцина бул курактагы балдардын ооруга чалдыгуу коркунучун азайтат. Эмдөөнүн ортосундагы убакыттын кыскартылышы организмдин илдетке болгон туруктуулугун бекемдейт", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык боюнча 5 446 учур катталган.
Кызамык менен ооруган бала. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Министр: 22 миң адам эмдөөдөн өтпөй коюп, тогуз бала кызамыктан каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0