Айыл чарба министринин үч орун басары алмашты. Жаңы дайындалгандар

© Sputnik / Жоомарт УраимовАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Тиешелүү тескемеге минкаб төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин үч орун басары алмашканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Мурат Раматов министрдин биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Кубат Касейинов келди. Ал эми Маил Алияскаровдун ордуна Мирбек Дүйшеев дайындалды. Санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Айнура Туйбаеванын ордуна Асел Кененбаева келгени кошумчаланды.
Ошондой эле Алмазбек Сокеев министрдин орун басары жана Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалган.
Портфельчен киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0