Мектептерде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек Бишкек шаарынын мектептеринин бириндеги кутучага салынган телефондор. Архив
Бишкек шаарынын мектептеринин бириндеги кутучага салынган телефондор. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Жазылуу
Жапаров окуучуларды окуу процессинен алаксыткан телефондордун пайдасы жана зыяны тууралуу маалыматтарды жайылтууга чакырган.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Билим берүү министрлигине мектептерде телефон колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн өлкө башчынын төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйын болуп, анда Жапаров сабак учурунда телефон колдонуу көйгөйүнө токтолгон.
"Президент Билим берүү министрлигине мектептерде чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырып, анын пайдасы жана зыяны тууралуу маалыматтарды жайылтууга чакырган. Ошондой эле телефон окуучунун билим алуусуна терс таасирин тийгизип жатканына көңүл буруп, окуучулардын ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алуу керектигин белгиледи", — деп жазылат маалыматта.
Жыйындын соңунда мамлекет башчы Кыргызстанда мектепке чейинки, мектептердеги жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.
Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Балага 3 жашка чейин гаджет карматпагыла! Адис өтө кооптуу кесепеттерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0