УКМК россиялык ишкерге издөө жарыялады. Себеби

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык ишкер, "Капитал Групп" компаниясынын ээси Павел Тё. Архив
Россиялык ишкер, Капитал Групп компаниясынын ээси Павел Тё. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
Атайын кызмат бизнесменге Камчы Көлбаевдин иштерин каржылап жүргөн деген кине койгон.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин иштерин каржылап жүргөн деп шектелген россиялык ишкер, "Капитал групп" компаниясынын ээси Павел Тё изделип жатат. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"РФтеги ири ишкерлердин бири, "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Тё Павел Владимирович (криминалдык чөйрөдө Паша Кореец катары белгилүү) тарабынан "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталды", — деп билдиришти атайын кызматтан.

УКМК Паша Кореец жергиликтүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен эмне максатта байланышканын аныктаган.
"Тё Кыргызстандын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында кримчөйрөнүн өкүлдөрү менен, атап айтканда, "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө К. Асанбектин "өкүл атасы" катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн", — деп билдиришти УКМКдан.
Ал адамдын Көлбаевге кыймылсыз мүлктөрдү курууга акчалай жардам көрсөткөнүн кошумчалашты.
Тёго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө жарыяланган. Атайын кызматтан учурда Тёнун эл аралык издөөгө алынганын жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Шектүүнү кармоо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
БАЭден Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0