Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев. Архив
Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
Спортчуга карата эки кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен спортчу үй камагына чыгарылганы кошумчаланды.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалганын ИИМден кабарлашты.
Маалым болгондой, 2021-жылдан бери ал Бишкектеги спорт мектептердин биринде директор болуп иштеп келе жаткан. ИИМ Сагынбаев спорттук инвентарларды сатып алууда мыйзам бузуп, бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин айтышты. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча иш козголгон.
"Тергөөнүн жүрүшүндө Сагынбаевдин Кыргыз улуттук университеттин алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунан алган диплому жасалма экени аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү ("Документтерди жасалмалоо") боюнча иш козголду", — деп жазылат маалыматта.
Бул иштерден улам Сагынбаев кармалып, кийин Свердлов райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылганы кошумчаланды.
Каныбек Сагынбаев 1985-жылы 11-ноябрда Бишкек шаарында туулган. КРдин эмгек сиңирген спорт чебери, КРдин эл аралык класстагы спорт чебери, бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, КРдин көп жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Евразия чемпиондугунун төрт жолку жеңүүчүсү, Пальмира кубогунун эки жолку күмүш, коло байге ээси жана башка көптөгөн байгелердин ээси.
Борбордук шайлоо комиссиясы Чынберди Төлөновго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Диплом чыры: Фархат Исмаилов кетип, Чынберди Төлөнов депутат болуп келди
Жаңылыктар түрмөгү
0