"Ушуну менен бүттү". Эрдоган карьерасындагы акыркы шайлоо тууралуу айтты

© AP Photo / Denes ErdosТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Жазылуу
Түрк лидери 26-февралда 70 жашка толду.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 31-мартка дайындалган муниципалдык шайлоо саясий карьерасындагы акыркы шайлоо боло турганын билдирди. Бул тууралуу Anadolu агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Тынбай иштедим. Бул шайлоо мыйзам чегиндеги ыйгарым укуктарыма ылайык акыркы шайлоо болуп калмакчы, бирок мен анын жыйынтыгын менден кийин келчүлөргө ишенип өткөрүп берем", — деген Эрдоган Стамбулда жаштар алдында сүйлөп жатып.
Эскерте кетсек, 26-февралда түрк лидери 70 жашка толду. 2014-жылдын августунан бери президенттик кызматты аркалап келет. Былтыр эки тур менен өткөн шайлоодо жеңишке жетишип, дагы беш жыл өлкөнү башкаруу укугуна ээ болгон.
КР президенти Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды мааракеси менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0