Нигерия: кылмыштуу топ кеминде 287 окуучу менен мугалимди уурдап кетти

© AP Photo / Sunday AlambaНигериянын аскерлери издөө иштери учурунда. Архивдик сүрөт
Нигериянын аскерлери издөө иштери учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
Бийлик сүйлөшүү жүргүзүү үчүн бул жаатта тажрыйбасы мол ортомчу кишиге кайрылганын кабарлады.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Нигериянын бийлиги Кадуна штатынан кеминде 287 окуучу менен мугалимди уурдаган кылмыштуу топ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости Punch гезитине шилтеме берип жазды.
Өткөн бейшембиде Daily Post басылмасы бандиттер Нигериянын борбордук Кадуна штатында 200дөн ашык баланы алып кеткенин жазган. Кылмышкерлер мектепке велосипед менен келип, ок чыгарышкан. Нигериянын президенти Бола Тинубу коопсуздук жана чалгындоо кызматтарына куткаруу операциясын жүргүзүүнү тапшырганын айтты.

"Кеминде 287 окуучу менен мугалимди бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды", — деп жазган Punch гезити.

Бийлик сүйлөшүү жүргүзүү үчүн мындай иштерде тажрыйбасы мол, аты аталбаган ортомчу кишиге кайрылганын билдирген. Басылманын маалыматы боюнча, аскерлер уурдалган балдарды жакынкы токойлордон да издеп жатат.
Гаити. Порт-о-Пренсе шаарындагы кылмыштуу топтун мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Гаитиде кылмыштуу топтор президенттик сарайга кол салды
Жаңылыктар түрмөгү
0