Флорист гүлдү көпкө соолутпай кароонун жолдорун айтты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖоогазын гүлү. Архивдик сүрөт
Жоогазын гүлү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
Букеттеги гүлдү жылытуу системаларынын жанына, терезенин түбүнө коюу туура эмес.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Гүл көпкө чейин соолубай туруш үчүн коюла турган жерге маани берип, туура кароо керек. Бул тууралуу флорист Серафима Агеенко Sputnik радиосуна курган маегинде айтты.
Адис гүлдестени жылытуу системасынын жанына же терезенин түбүнө коюу туура эмес экенин белгилеген.
"Көп үйлөрдө терезенин астында жылытуу системалары бар. Бирок биз гүлдү текчеге койгонго көнгөнбүз. Бул туура эмес, гүлдүн астынан ысык, капталынан муздак аба кирет. Мындай жагдайда гүл көпкө турбайт. Ошондуктан бөлмөнүн ортосундагы столдун үстүнө же керебет жактагы столго коюу сунушталат", – деген Агеенко.
Ошондой эле ал гүлдүн сабагын асты жагынан улам-улам кыскартып жана вазадагы сууну кеминде эки күндө бир жолу алмаштырып турууну сунуштаган.
"Флорист катары мен гүлдү жөн гана таза, муздак сууга салуу керек деген кеңешти берем, ар түрдүү нерсени сууга кошууну туура көрбөйм. Болгону суусун алмаштырып туруу кажет. Аны алмаштырган сайын гүлдүн сабагын түбүнөн бир сантиметрден кесип, сабагынын соолуп калган бөлүгүн да алып салабыз. Бул нерсе гүлгө суу тоскоолдуксуз жетип турушун шарттайт. Мындан тышкары, гүлдүн жалбырактарына суу тийбеш керек", – деген адис.
Флорист гүлдүн түрүнө карата кароо ыкмасын өзгөртүү керектигин белгилеген. Анын айтымында, сууну өтө сүйгөн гүлдөрдүн бири – роза. Роза сууну сабагы, жалбырагы, гүлдөрү менен ичкендиктен ага суу чачып туруу да жардам берет. Ал эми жоогазындарды 10 сантиметрден өткөн сууга салсаңыз сабагынын асты тез эле чирий баштайт.
Биринчи май районунун Жашыл чарба мекемесинин башчысы Уулжан Имиткулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Радио
"Жашыл чарба": гүлгө аяр мамиле жасаганды үйрөнүү абзел
Жаңылыктар түрмөгү
0