Бүгүн туңгуч космонат Юрий Гагариндин туулган күнү... Тарыхый материалдар

© Sputnik / Yuryi AbramochkinСССРдин учкуч-космонавты, Советтер Союзунун баатыры Юрий Гагарин. 1961-жыл
СССРдин учкуч-космонавты, Советтер Союзунун баатыры Юрий  Гагарин. 1961-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
Гагарин адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине көтөрүлгөн биринчи адам болду.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Юрий Гагарин мындан 90 жыл мурда Гжат районундагы Клушино айылында туулган. Ал — адамзаттын тарыхында өзүнүн терең изин салып кеткен советтик космонавт.
Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан учуп, Жер планетасын толук айланып чыккан.
Гагарин адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине көтөрүлгөн биринчи адам болду. Ал Жерди 108 мүнөт тегеренип, учкан. "Восток" кемеси космостон аман-эсен кайтып, Саратов облусуна конгон. 1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн – Космонавтика күнү деп жарыяланат.
Адамзаттын туңгуч ирет космоско көтөрүлүшү дүйнөдө абдан кызыгууну жаратып, ал эми Гагаринди ааламга таанытты. Ар кыл чакыруулар менен ал дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө болгон. Учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры Гагарин өмүрүнүн акыркы жылдары коомдук-саясий иштерди жүргүзүп, К. Жуковский атындагы академияны бүтүп, Борбордук партиялык комитетте иштейт. Кырсыктуу окуя 1968-жылы 27-мартта болот. Гагарин Владимир облусунун Новоселово айылына жакын аймакта авиакырсыктан көз жумат. Бул учурда ал МиГ-15 УТИ үлгүсүндөгү учакта машыгуулардан өтүп жаткан. Кырсыктын себеби алигүнчө белгисиз.
Баса, эки күндөн кийин, 11-мартта, саат 13:00дө Кыргыз-Россия Славян университетинде СССРдин легендарлуу учкуч-космонавтына арналган көргөзмө өтөт.
СССРде космонавттарды кантип тандашкан жана алар кимдер. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
СССРде космонавттарды кантип тандашкан жана алар кимдер. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0