Украина КМШнын куралдуу күчтөрү жана чек ара аскерлери боюнча келишиминен чыкты

© Sputnik / СтрингерКиев шаары. Архивдик сүрөт
Киев шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Украина КМШ менен куралдуу күчтөр жана чек ара аскерлери боюнча келишимден чыкты. Бул тууралуу жума күнү Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.

"Украина КМШнын куралдуу күчтөрү жана чек ара аскерлери боюнча келишиминен чыгып жатат. Мындай чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Бул нерсе эми гана болуп жатканы таң калычтуу. Ошентсе да ишке ашып, жакшы болду", деп жазды Гончаренко.

Мындан тышкары, өлкөнүн министрлер кабинетинин Жогорку Рададагы өкүлү Тарас Мельничуктун айтымында, "Улуттук гидрометеорологиялык кызматтарды товар менен камсыздоо жөнүндөгү" КМШ менен болгон келишимден чыгуу" боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Бул келишим 1994-жылдын 9-сентябрында Москвада кабыл алынган
НАТОнун аскердик машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Франциянын экс-премьери НАТО Украинага аскерлерин жөнөтсө эмне болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0