"Унаа" аркылуу люкс классындагы машиналарды мыйзамсыз ташыгандар кармалды

© Sputnik / Павел БедняковСалондогу жаңы Land Rover унаалары. Архив
Салондогу жаңы Land Rover унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Милиция жасалма документ менен үчүнчү жактарга сатылган 11 автоунааны аныктаган. Анын тогузу ЖКККББнын атайын айып короосуна токтотулганы кошумчаланды.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанга кымбат автоунааларды мыйзамсыз ташып турган кылмыштуу топ аныкталып, башында тургандар камалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, уюшкан кылмыштуу топ үч жылдан бери "Унаа" ишканасынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Бажы кызматынан кыйгап өтүп, өлкөгө автоунааларды мыйзамсыз алып кирип турушкан.
"Алар мамлекеттик ишкананын кызматкерлерине автоунаага алдын ала жасалган жасалма документти көрсөтүп, өз кезегинде кызматкерлер кымбат баалуу автоунааларды каттап турушкан. Мыйзамсыз иштеринин аркасында алар мамлекетке 29 миллион 600 миң сом өлчөмүндө зыян келтиришкен", — деп жазылат билдирмеде.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан топ түзүү же ага катышуу") жана 379-беренеси ("Жасалма документ даярдоо") боюнча иш козголуп, натыйжада кылмыштуу топтун 30 жаштагы эки уюштуруучусу аныкталган. Алар кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен эки айга №1 тергөө абагына киргизилген.
"Унаа" ишканасынын 38 жаштагы Р.Т. аттуу кызматкери жана автоунаа айдап өтүп жүргөн 64, 33, 25 жаштагы жарандар милицияга жеткирилип, суракка алынды", — деп жазылат маалыматта.
Милиция жасалма документ менен үчүнчү жактарга сатылган 11 автоунааны аныктаган. Анын тогузу ЖКККББнын атайын айып короосуна токтотулганы кошумчаланды.
Автоунааларды импорттоо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Бажы кызматы: 1000ден ашык унаа мыйзамсыз катталган, 14 миңдейи текшерилүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0