Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Экономист Кыргызстандан Казакстанды айланып өткөн жол боюнча оюн айтты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖолдо жүк ташуучу унаалардын кыймылы. Архив
Жолдо жүк ташуучу унаалардын кыймылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Кыргызстан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу (Каспий деңизин бойлой) Россиянын Астрахань портуна баруучу альтернативдүү жол боюнча иш жүргүзүүдө.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы (Казакстанды айланып өтүүчү) альтернативдүү транспорттук каттам атаандаштык катары каралбашы керек. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун директору Акимжан Арупов (Казакстан) билдирди.
Бүгүн Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда "Борбор Азиянын транспорт коридорлорунун геосаясаты азыркы этапта" аттуу видеоконференция өттү. Катышуучулар Кыргызстандан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу (Каспий деңизи аркылуу) Россиянын Астрахань портуна чейин пландалган альтернативалуу жолду эске салышты.
"Бул жерде Кыргызстандын мисалында альтернативдүү транспорт жолдору айтылды. Мен алардын атаандаш катары кабыл алынышын каалабайт элем. Кыргызстандын айрым аймактары үчүн бул экономикалык жактан өнүгүүгө жакшы стимул экенин түшүнөбүз", — деди Арупов.
Анын айтымында, мындай каттамдарды башкалар менен атаандашуу эмес, аларды толуктоо катары карасак өз ара түшүнүшүү жакшырат.
Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн консультанты Светлана Антонова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Пресс-борбор
Эксперт: ЕАЭБ транспорт маселелерине чоң көңүл бурат
Жаңылыктар түрмөгү
0