Песков: Россиянын башка эл эмес, режимдер менен пикир келишпестиги болушу мүмкүн

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков
Россия лидери Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россиянын башка режимдер, саясатчылар жана алардын чечимдерине макул болбой, пикир келишпестиги жаралышы мүмкүн, бирок бөлөк мамлекеттердин эли менен көйгөйү болбойт. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын алкагында өткөн "Знание" коомунун "Знание. Первые" марафонунда сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Баары үчүн ачыкпыз. Бардык өлкөлөрдүн элин жактырабыз. Бизде башка режимдер, саясатчылар жана алардын чечимдерине макул болбой, пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Муну жөнгө салып кетебиз. Бирок биз "эл менен эл болгон", "киши менен киши болгон" мамилеге ачыкпыз. Аныбызды өнүктүрөбүз", — деген Песков.
Жаштардын дүйнөлүк фестивалы Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде 1-7-март аралыгында Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурууда.
Иш-чарага 190 мамлекеттен 20 миңдей жаш лидер чогулган. Бишкек бул дүйнөлүк иш-чарага 200дөй делегат жөнөткөн.
Сочидеги Дүйнөлүк жаштар фестивалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Сириус: Жаштар фестивалында Жаш ишкерлердин эл аралык коому түзүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0