Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маматалиев: сөөк коюу мыйзамы бул тармактагы коррупцияны бөгөттөйт

© Sputnik / Акбар АкжигитовЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев маркумдун зыйнатын өткөрүү боюнча кабыл алынган мыйзам заман талабы болгонун айтты.
Маркумдун зыйнатын өткөрүү боюнча кабыл алынган мыйзамдын негизги максаты бул тармакты иретке келтирүү жана андагы коррупцияны жоюу болду. Бул тууралуу Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Малаев: өлкө экспортунун 90%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет
Анын айтымында, мыйзамга киргизилген нормалардын бардыгы тиешелүү органдар менен биргеликте иштелип чыккан.
"Кыргызстан эгемендүүлүк алганы сөөк коюу жана маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча бирдиктүү тартипти камтыган мыйзам жок болчу. Анын кесепетинен коррупция гүлдөп, адамдын өлгөндүгү тууралуу справка алуудан баштап көрүстөндөн жер алууга чейин мыйзам бузулуп келген. Тууганы каза болгон соң айлап мамлекет тарабынан төлөнчү каражатты ала албай, соңунда кол шилтеп кетип калган учурлар тууралуу көп укчубуз. Эми мыйзам иштеп баштагандан тарта андай көрүнүштөр болбойт, буга жол берген мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылат. Адам төрөлгөндөн тарта билим алууга, дарыланууга кандай укуктуу болсо, көзү өткөн соң көрүстөндөн сөөгүн жашыруга тиешелүү жер алууга да ошондой эле укуктуу болот. Мындан ары жер саткан ортомчулук деген болбошу керек. Киши каза болгон соң үч сутка өтпөй анын өлгөндүгү тууралуу справкасынын негизинде мамлекет тарабынан сөөгүн жашырууга бир жолу берилчү каражат төлөнүшү керек", — деди Маматалиев.
Ал аталган мыйзамда бардык дин өкүлдөрүнүн кызыкчылыктары каралгандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0