Казакстанда орозо 11-мартта башталары айтылды

© AP Photo / Shakil AdilЫйык Рамазан айында тамактануунун алдында намаз
Ыйык Рамазан айында тамактануунун алдында намаз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жазылуу
Маалыматта бул дата Кыргызстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын Окумуштуулар кеңеши менен сүйлөшүүдөн кийин бекитилгени белгиленген.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Казакстанда Рамазан айы 11-мартта башталат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин муфтиятына таянып Sputnik Казакстан жазды.
Анда дата Кыргызстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын Окумуштуулар кеңеши менен сүйлөшүүдөн кийин бекитилгени белгиленген.
"Рамазан айы 11-мартта башталат. 6-апрелге караган түн — ыйык Кадыр түн, 10-апрель — Орозо айт деп белгиленди", — деп жазылат билдирмеде.
Кыргызстандын муфтияты орозо качан башталарын так айта элек. Маалыматты 6-мартта беришерин убадалады. Буга чейин өкмөт Орозо айт — 10-апрелде, ал эми Курман айт 17-июнда белгиленерин билдирген.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы жаңы жылдык балаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
2024-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Өкмөттүн токтому
Жаңылыктар түрмөгү
0