Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

1-июлдан тарта патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Айнура Султаналиева
Мамлекеттик салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Айнура Султаналиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Айнура Султаналиева ишкерлерге 1-июлдан баштап патент жоюларын эскертти.
2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Ага ылайык, ишкерлер башка салык режимдерин тандашы керек. Бул тууралуу Айнура Султаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
1-июлдан тарта патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат
Анын айтымында, соода ишмердүүлүгүндө патенттин жоюлушу ишкерлер арасында акыйкаттуулукту камсыздайт.
"1-июлга чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек. Ишкерлер анда бир катар салык режимдерин тандай алышат. Биринчиси — жалпы салык режими. Мында салык колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана жалпы негиздеги ставкаларга ылайык төлөнөт. Экинчиси — бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 миллион сомго чейин болсо — 0 пайыз, ал эми 30 миллион сомго чейин 0,5 пайыз жана 50 миллион сомго чейин 1 пайызды түзөт. Ошондой эле базарлар жана чакан базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы киреше акыркы 12 айда 100 миллион сомдон ашпаса 0,1 пайызды түзөт. Соода ишмердүүлүгүндө патенттин жоюлушу ишкерлер арасында акыйкаттуулукту камсыздайт. Анткени мурда тапкан кирешесине карабай баары бирдей салык төлөп келишкен. Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объектиге кирген базарлардан сырткары) контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Белгилей кетсек, бул жерде стратегиялык объектиге Бишкектин четиндеги "Дордой" менен Оштогу "Тураталы эл базары" (Кара-Суу) кирген жана алар өзгөчө салык режимине өтөт. Мындагы соодагерлер базар ичинде ич ара товар сатууда ККМди, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат", — деди Султаналиева.
Ал Салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди жана базар администрацияларынын өкүлдөрүн онлайн-салык кызматтары боюнча окутуп-үйрөтүп жана башка салык режимине өтүү процессинде көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0