Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эмне үчүн жазында адамдарда витаминдин жетишсиздиги байкалат?

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2024
Жазылуу
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева витамин жетишсиздиги, аны кантип аныктаса болот жана организмдеги пайдалуу заттардын деңгээлин жогорулатуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу айтып берди.
Витамин жетишсиздиги организмге керектүү витаминдери жок, сапатсыз тамак-аш менен узак убакыт тамактануудан, алган витаминди начар сиңирүүдөн же ичегиде микроорганизмдердин аз синтезделишинен улам келип чыгат. Бул тууралуу Үмүт Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эмне үчүн жазында адамдарда витаминдин жетишсиздиги байкалат?
Анын айтымында, витаминдер иммундук системанын жакшы иштеши үчүн зарыл.
"Витаминдер – адамга зарыл болгон биологиялык баалуулугу бар органикалык бирикмелер. Алар адамдын организминде синтезделбейт. Ошондуктан витаминди биз тамак-аштан гана ала алабыз. Ал үчүн адам баласы тамактанууда дайыма балансты сакташы керек. Азык-түлүк баштыгында сөзсүз түрдө жашылча-жемиш, эт, сүт жана дан азыктары болушу зарыл. Эӊ негизгиси, рафинаддалбаган тамак-ашка басым жасоо шарт. Мындан тышкары, тамак жасоодо кулинардык эрежелерди сактоо сунушталат. Азык-түлүктү өтө көпкө кайнатуу, ашыкча кууруп жиберүү андагы витаминдерди жок кылат. Кышында жаңы мөмө-жемишти жана жашылчаларды азыраак жегенден улам өзгөчө жазында авитаминоз байкалат. Кышында аз кыймылдайбыз дагы. Бул В тобундагы витаминдердин жетишсиздигине алып келет. Күн аз тийгендиктен Д витаминине муктаждык жаралат. Белгилүү бир витаминдин жетишпестиги тамак-аштын жетишсиздиги жана тамак даярдоодо витаминдердин жоголушу менен гана байланыштуу эмес. Алардын жетишсиздиги ичеги микрофлорасынын бузулушу, ичеги-карын оорулары, антибиотиктерди колдонуу, витаминдердин сиңүүсүнүн начарлашы же витаминдерге күнүмдүк керектөөнүн көбөйүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ошону менен бирге кош бойлуу жана оор жумуштарда иштеген адамдарда да бул маселе жаралат. Жаздын башталышы – дайыма респиратордук вирустук оорулардын мезгили. Ал эми витаминдердин запасы канчалык аз болсо, иммунитет ошончолук алсырап тез-тез ооруй баштайбыз. Витамин жетишсиз болгондо тери кургап, түлөйт, адамды уйку басат, кыжырдануу, чарчоо пайда болот, эс тутум начарлайт. Тырмак морт болуп, эриндер жарылат, чачтар күңүрт болуп, көп түшөт", — деди Сатыбалдиева.
Ал таблетка жана капсула түрүндөгү втаминдерди дарыгердин сунушу менен ичсе болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0