Оорусаңыз алгач үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз. Эмне үчүн маанилүү?

© Sputnik / Александр Сухов / Медиабанкка өтүүДарыгер кабыл алуу учурунда. Архив
Дарыгер кабыл алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору адамдын саламаттыгы начарлаганда алгач өзү катталган аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу маанилүү экенин билдирди.
Алар бейтаптын ден соолугунун абалына баштапкы баасын берип, андан кийин зарыл болсо башка адистерге багыт берери белгиленди.
Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуунун пайдалуу жактары:
Саламаттыгыңызга жеке көңүл бурулат жана камкордук көрсөтүлөт. Анткени үй-бүлөлүк дарыгер медициналык тарыхыңызды (мурунку оорулар, аллергия жана организмиңиздин башка өзгөчөлүктөрү) билет. Бул дарыгериңизге сиздин абалыңызды жакшыраак түшүнүүгө жана натыйжалуу дарылоо ыкмасын сунуштоого мүмкүндүк берет;
Бейтапканага баруу адатта азыраак документтерди талап кылат. Аатайын жолдомо алуунун кереги жок. Өзүңүзгө ыңгайлуу убакта онлайн режиминде жакынкы үй-бүлөлүк медицина борборуна кезекке жазыла аласыз;
Меджардамдын жеткиликтүүлүгү. Бейтапкана сиз жашаган аймакта болгондуктан ооруканага чейинки узак жана түйшүктүү жолду жокко чыгарат.
Үй-бүлөлүк медицина — бул жаш курагына, жынысына жана оорунун мүнөзүнө карабай адамдардын саламаттыгына комплекстүү кам көрүүгө багытталган баштапкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруу системасы болуп эсептелет.
Мамлекеттик жеңилдиктер менен дарылануу жөнүндө "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду: мамлекеттик кепилдиктер" уюлдук тиркемесин жүктөп, толук маалымат алсаңыз болот.
Толо алма себетин кармап турган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Дарыгер аз кандуулукту кантип алдын алууга болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0