Косачев: Германия Крым көпүрөсүн жардыруу планын төгүндөө үчүн далил көрсөтүшү керек

© Sputnik / Пресс-служба Совета Федерации РФ / Медиабанкка өтүүРФтин Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев
РФтин Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Косачев немецтер баштан өткөн тарыхын экинчи ирет кайталаганы жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эгер ынандырарлык негизде төгүндөп, далилдерин көрсөтпөсө Германиянын украин жаңжалындагы чыныгы ролун толугу менен кайра кароо керек болот. Бул туурасында РФтин Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев билдирди.
Ал немец офицерлеринин Крым көпүрөсүнө чабуул коюу планы боюнча сүйлөшүүсү тууралуу пикирин айткан.
"Биз болгон бардык негиздерди Германиянын жетекчилиги жарандык объектилерге жана жай тургундарга сокку урган киевдик улутчулдардын кылмышына түздөн-түз катышы бар деп эсептейбиз. Менимче, дал ушул немецтер баштан өткөн тарыхын экинчи ирет кайталабай эле койсо болмок", — деген Косачев.
Буга чейин "Россия сегодня" медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян мурдараак анын колуна немец Бундесверинин Крым көпүрөсүнө сокку уруу боюнча талкуусунун аудиоварианты түшкөнүн билдирген. Ал эми Германиянын Коргоо министрлиги коомчулукка чыгып кеткен үн жазуу боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.
РФ ТИМинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Россия ТИМи Крым көпүрөсүн жардыруу боюнча Германиядагы аудиоталкуу тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0