Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: Кыргызстан Россиянын аймактары менен алакасын күчөтүшү керек

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов РФ өндүрүшчүлөрү Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө ишмердүүлүк жүргүзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан бир эле Москваны карап отура бербей, Россия Федерациясынын аймактары менен алакасын күчөтсө өлкө экономикасына оң таасири тиет. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: Кыргызстан Россиянын аймактары менен алакасын күчөтүшү керек
Анын айтымында, Кыргызстан чочулабай эле ЕАЭБ алкагында атайын экономикалык зона болууга далалаттанса жакшы жыйынтыкка жете алат.
"Украинада атайын операция башталгандан кийин Россиядагы көптөгөн өндүрүшчүлөр Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришүүдө. Бирок бул бир гана атайын операцияга байланыштуу эмес. Буга чейин деле илимий, экономикалык жаатта өз кызыкчылыгын билдирип, Россия Федерациясынын аймактарынан көптөгөн сунуштар келип турган. Эмнегедир биздикилер кетенчиктеп коюшат. Коркпой эле, өзгөчө өндүрүш тармагына келип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана беришибиз керек. Батыштын санкцияларынан улам биздин банк тармагы учурда кандай киреше көрүп жатканына коомчулук күбө. Дал ушундай эле көрсөткүчтөргө башка да багыттардын да жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн болгону бир эле Москваны карап отура бербей, Россиянын аймактары менен кызматташууну күчөтүү зарыл. Кыргызстан кичинекей өлкө, россиялык долбоорлордо тыгыз кызматташуу менен өлкө казынасына жакшы киреше алып келсек болот", — деди Мамытов.
Ал ошондой эле бир эле экономика эмес, илим, билим, маданият тармагында да Россиянын аймактары менен тыгыз байланышта болуу өнүгүүгө алып келерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0