Депутат Токтошев элди үйүндө жарык өчсө бийликти сотко берүүгө чакырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев элди үйүндө жарык өчсө бийликти сотко берүүгө чакырды.
Эл өкүлү шайлоочулары электр энергиясы эскертүүсүз эле өчүрүлүп жатканын айтып арызданганын белгиледи.
"Энергетика министрлигинин маалымат кызматы барбы өзү, иштейби же иштебейби? Эмне үчүн убагында калкка маалымдабайт. Болбосо жарандарга кайрылат элем, министрликти сотко бериңиздер, жөн эле утуп аласыздар. Себеби, биздин келишим боюнча, эскертүүсүз өчүрүп койсо келтирилген чыгымды өндүрүп алууга укугуңуздар бар. Ошондо гана булар эсине келет окшойт", — деди депутат.
Эл өкүлү эгер техникалык себептер болсо өчүрүүлөр тууралуу күн мурунтан кабардар кылууга чакырды.
Жүк ташуучу автоунаалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Депутат Бишкекте жүк ташуучу унаалардын күндүз жүрүшүнө тыюу салууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0