ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков үй камагына чыкты

© Фото / пресс-служба ГУОБДД КРКыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков. Архив
Кыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
Сот, мындан тышкары, ведомствонун техникалык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси менен автомектептин директорунун дагы бөгөт чарасын тандаган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков 2-апрелге чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.
Ал эми ведомствонун техникалык көзөмөл бөлүмүнүн А.Н. аттуу жетекчиси менен автомектептин директору И.М. 2-апрелге чейин камакка алынды.
Эске салсак, 20-февралда УКМК ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду, аны менен кошо ведомствонун техникалык бөлүмүнүн жетекчисин жана автомектептин директорун кармаган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ведомствонун кызмат адамдары коррупциялык схема түзүшкөн. Алар автоунаага газ баллон жабдуусун орнотууга уруксат берүү үчүн жарандардан акча алып келишкени айтылган.
Тергөө абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Эмгек министринин орун басары УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0