Ошто бийлик жаз келери менен 11 багыт боюнча текшерүү жүргүзөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСулайман-Тоосунда жайгашкан музейи. Архив
Сулайман-Тоосунда жайгашкан музейи. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ош облусунда жаз келери менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана базарларды иретке келтирүү боюнча текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул туурасында региондун жетекчиси Элчибек Жантаев тапшырма бергенин маалымат кызматы кабарлады.
Ал акимдердин жана жарандык коргонуу кызматтарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өткөргөн.
Жыйынтыгында жергиликтүү бийликтин башчыларына төмөнкү иштерди аткаруу милдеттендирилген:
кар эригенде пайда боло турган кырдаалдарды алдын алуу жана арык, каналдарды тазалоо;
суу каптоо коркунучу бар аймактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу чараларын көрүү;
кар көчкү көп түшкөн аймактарда коркунучу бар жерлерди аныктоо жана алдын алуу, ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда көчкү жүрүүчү аймактарга мониторинг жүргүзүү жана керектүү техникалар менен камсыздоо;
кооптуу деп эсептелген аймактарда жашаган тургундарды көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү.
Облустун аймагында соода базарларды иретке келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү, алардын милдеттери:
базарларды иретке келтирүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу;
базарлардын архитектуралык нормаларга шайкештигин тыкыр текшерип, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу;
санитардык, эпидемиологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө;
өрт коопсуздугу эрежелеринин сакталышын текшерүү;
базарларда электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү көзөмөлдөө жана электр чубалгыларынын техникалык коопсуздугун камсыздоо;
жүк ташуучу жана жеке менчик автотранспорт үчүн жабдылган унаа токтотуучу жайларды жөнгө салуу.
Жалал-Абад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жалал-Абаддын кооптуу аймактарында жашаган миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0