Кыргызстанда таяк тартыш спортун жанданткан Эркинбек Тезекбаев. Эскерүү

© Фото / из семейного архива Эльмиры Тезекбаевой Кыргызстанда таяк тартыш спортун жанданткан Эркинбек Тезекбаев
Кыргызстанда таяк тартыш спортун жанданткан Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Жазылуу
Өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүдө Эркинбек Тезекбаевдин салымы чоң. Таяк тартыш спортун кайрадан жандантып, федерация түптөп, эл аралык деңгээлдеги чемпиондорду тарбиялап чыгарган.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто СССР спорт чебери, дене тарбия жана спорттун отличниги, коомдук ишмер Эркинбек Тезекбаевдин эгизи, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, теле журналист Элмира Тезекбаева болду. Биз залкар инсандын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.
Эркинбек Тезекбаев өлкөнүн Мас-рестлинг федерациясынын вице-президенти, эл аралык категориядагы калыс болгон. Самбо боюнча СССРдин спорт чебери да эле. 2013-жылы Улуттук мас-рестлинг федерациясын ачып, таяк тартыш деген аталышта өнүктүрө баштаган.
I, II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мас-рестлинг боюнча курама команданын мүчөлөрү мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болушкан.
© Фото / из семейного архива Эльмиры Тезекбаевой Элмира Тезекбаева: Бизди да "ырдагыла, бийлегиле, колуңардан келсе актриса болгула" деп тарбиялады. Эч кандай чектөө коюшпады. Ошону менен комиссия мени гимнастикага албай, жеңил атлетиканын чуркоо түрүнө жиберишти. Мен болбой айылга кетип калдым. Ал эми Эркинбек спорт мектебинде калып 9-класска чейин билим алды
Мастер спорта СССР, отличник физической культуры и спорта, общественный деятель Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Элмира Тезекбаева: Бизди да "ырдагыла, бийлегиле, колуңардан келсе актриса болгула" деп тарбиялады. Эч кандай чектөө коюшпады. Ошону менен комиссия мени гимнастикага албай, жеңил атлетиканын чуркоо түрүнө жиберишти. Мен болбой айылга кетип калдым. Ал эми Эркинбек спорт мектебинде калып 9-класска чейин билим алды
— Сиздердин балалык кайда, кандай өткөн?
— Биз Жумгал районунда чоңойгонбуз. Бирок ал кезде УЗИ жок болсо да ошол замандын Умай энелери курсактагылар эгиз экенин айтышат. Жүрөгү түшкөн апам шаардагы эжесине келип Фрунзеден төрөптүр. Алгач мен, 15 мүнөттөн кийин Эркинбек ыңаалап түшкөн экен. Атам менен апам Жумгалдын билим берүү тармагына эмгеги сиңген адамдар. Атам Асанбек Тезекбаев сатирик, жазуучу эле.
4-классыбызда эгизим экөөбүз Фрунзедеги спорт мектебине келдик. Мен "гимнастика менен алектенем" дегем. Анткени ал кезде айылдын клубуна цирк көп келип, абдан таасирленчүмүн. Апам да убагында чуркоо боюнча машыгып, бүткүл союздук эл аралык мелдеште 2-орун алып тарых жараткан экен. Бизди да "ырдагыла, бийлегиле, колуңардан келсе актриса болгула" деп тарбиялады. Эч кандай чектөө коюшпады. Ошону менен комиссия мени гимнастикага албай, жеңил атлетиканын чуркоо түрүнө жиберишти. Мен болбой айылга кетип калдым. Ал эми Эркинбек спорт мектебинде калып 9-класска чейин билим алды. Союз учурунда көп жерлерге турнирлерге барып, спорттук наамдарын ошол кезде эле жактап койгон. Ошентип жогорку окуу жайга тапшырды. Улам бой жеткен сайын ал эркек балдарга, мен кыздарга аралашып кеттик. Бирок дайыма ал-абалымды сурап турчу. Башка бир туугандарга караганда бири-бирибизди сезип турчубуз.
© Фото / из семейного архива Эльмиры Тезекбаевой Элмира Тезекбаева: Апам былтыр 92 жашында кычыраган кышта дүйнөдөн өттү. "Мен силерге элдей болуп заңгырата там салып берип, алтындан такты жасай албайм, билим алсаңар адам болосуңар" деп койчу. Туура эмес кылганың үчүн уруп, жазалаган эмес. "Жакшы болсоң оңго, жаман болсоң солго басасың, туура эмес кылганың үчүн ойлонуп көр" деп койчу
Мастер спорта СССР, отличник физической культуры и спорта, общественный деятель Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Элмира Тезекбаева: Апам былтыр 92 жашында кычыраган кышта дүйнөдөн өттү. "Мен силерге элдей болуп заңгырата там салып берип, алтындан такты жасай албайм, билим алсаңар адам болосуңар" деп койчу. Туура эмес кылганың үчүн уруп, жазалаган эмес. "Жакшы болсоң оңго, жаман болсоң солго басасың, туура эмес кылганың үчүн ойлонуп көр" деп койчу
— Мугалимдердин үйүндө өсүптүрсүздөр. Тарбияда эмнеге маани беришер эле?
— Атам жалгыз бала болгон экен. Чоң апам тогузду төрөсө да балдары токтобой кыйналат. Атам төлөлгөндө ырымдап алып калышкан экен. Апам болсо томолой жетим кыз. Кичине кезинде атасынын бир тууганынын колунда чоңоёт. Ошол себептен бизде таята-таене деген түшүнүк болгон жок. Чоң атам болсо согуштан кайтпай калган. Андыктан бизди өзүңөргө өзүңөр ишенгиле, тың болгула деп тарбиялады. Анын үстүнө атам да эрте, 57 жашында каза болуп калды. Апам былтыр 94 жашында кычыраган кышта дүйнөдөн өттү. "Мен силерге элдей болуп заңгырата там салып берип, алтындан такты жасай албайм, билим алсаңар адам болосуңар" деп койчу. Туура эмес кылганың үчүн уруп, жазалаган эмес. "Жакшы болсоң оңго, жаман болсоң солго басасың, туура эмес кылганың үчүн ойлонуп көр" деп койчу. Бизде таалим-тарбия ушундай болгон. Атам жазуучу катары борборго келгенде Бексултан Жакиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жунай Мавляновдор менен жолугуп, катташып жүрчү. Дайыма мени ээрчитип алчу. Бет аарчысын, байпагын жууп берчүмүн. Ошол залкарлардан да бата алып калдым. Алар Жумгалга барганда биздин үйгө келишчү. Бир агамдын аты Кубанычбек. Ысымын Кубанычбек Маликов өзү койгон. Ал кишинин да батасын алдым. Айылда балалыктын доору абдан сонун өтүптүр. Чоң энемден кол өнөрчүлуктү үйрөнүп, тоодон ылдый муз тээп, таза абада ойнодук. Азыр шаардагы балдарга боорум ооруйт.
© Фото / из семейного архива Эльмиры Тезекбаевой Элмира Тезекбаева: Ата-энем бизди кандай тарбияласа, балдарын да ошондой тарбиялады. Мага караганда Эркинбек шаарда өскөндүктөн орусча, англисче жакшы билчү. Балдарынын билим алуусуна көп көңүл бурчу
Мастер спорта СССР, отличник физической культуры и спорта, общественный деятель Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Элмира Тезекбаева: Ата-энем бизди кандай тарбияласа, балдарын да ошондой тарбиялады. Мага караганда Эркинбек шаарда өскөндүктөн орусча, англисче жакшы билчү. Балдарынын билим алуусуна көп көңүл бурчу
— Эркинбек аганын үч кыз, бир уулу бар экен. Кандай ата, жубай боло алды?
— Ата-энем бизди кандай тарбияласа, балдарын да ошондой тарбиялады. Мага караганда Эркинбек шаарда өскөндүктөн орусча, англисче жакшы билчү. Балдарынын билим алуусуна көп көңүл бурчу. Кыздарынын бири кытай тилин, экинчиси эл аралык мамилелерди бүтүрдү, үчүнчүсү IT-адистигинде билим алууда. Келинчегине да жакшы карады. Бирок өкүнүчтүүсү, эрте каза болуп калды. Жубайы Чолпон Кеминдин кызы. Өзү шаар жеринде өскөндүктөн орусча сүйлөчү. Алгач шаардагы үйгө алып келди. Тилди бат эле үйрөнүп кетти.
© Фото / из семейного архива Эльмиры Тезекбаевой Элмира Тезекбаева: Бир ирет "аталышы мас-рестлинг деп башкача болгону менен бул биздин Манас атадан берки таяк тартыш оюну да. Кийин бул спорттун түрүнөн 12 спортчу чыкканда КТРКга чакырып маек алышты. Ошондо карап отуруп, жасаган көп иштерин угуп-билдим.
Мастер спорта СССР, отличник физической культуры и спорта, общественный деятель Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Элмира Тезекбаева: Бир ирет "аталышы мас-рестлинг деп башкача болгону менен бул биздин Манас атадан берки таяк тартыш оюну да. Кийин бул спорттун түрүнөн 12 спортчу чыкканда КТРКга чакырып маек алышты. Ошондо карап отуруп, жасаган көп иштерин угуп-билдим.
— Эгизиңиздин Мас-рестлинг федерациясын түзгөнүнө караганда уюштуруучулук да сапаттары бар окшойт?
— Өзүнүн кесиби экономист болчу. Спорт мектебинде Мелис Турганбаев, Темир Сариев болуп чогуу окушкан. Мектебине дайыма жардам беришчү. Үйүнө барып калганда телефондон чет мамлекет менен орусча, англисче сүйлөшүп эле "мас-рестлинг" дегенин угуп калчумун. Бирок маани берген эмесмин. Бир ирет "аталышы мас-рестлинг деп башкача болгону менен бул биздин Манас атадан берки таяк тартыш оюну да. Көчмөндөр оюндарына коштуруу керек" деп калчу. Кийин бул спорттун түрүнөн 12 спортчу чыкканда КТРКга чакырып маек алышты. Ошондо карап отуруп, жасаган көп иштерин угуп-билдим. Министрликке чейин кирип түшүндүрүп жатып, таяк тартыш спортун Көчмөндөр оюндарына коштурган. Кийин шакирти Искендер Алымкуловду абдан тарбиялап, кайсы мамлекетке барса да чогуу алып жүрүп, федерациянын президенти кылып дайындады. Азыр алар дүйнөдө кандай мелдеш өтсө баарына катышып, ийгиликтерди жаратып, чемпиондорду даярдап жатышат. Буга Эркинбектин жубайы Чолпондун да салымы бар. Мелдеште дайыма оорун колдон, жеңилин жерден алып жүрчү. Спортчулардын формаларынын баарын тигип берди.
© Фото / из семейного архива Эльмиры Тезекбаевой Элмира Тезекбаева: Министрликке чейин кирип түшүндүрүп жатып, таяк тартыш спортун Көчмөндөр оюндарына коштурган
Мастер спорта СССР, отличник физической культуры и спорта, общественный деятель Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Элмира Тезекбаева: Министрликке чейин кирип түшүндүрүп жатып, таяк тартыш спортун Көчмөндөр оюндарына коштурган
— Каргашалуу коронавирус маалында көптөгөн мыктылардан айрылдык. Арасында агабыз да бар…
— Ооба, 2020-жылдын июль айында Эркинбек ооруп жатканын уктум. Ага чейин жакшы эле жүргөн. Ошол учурда ар кимибиз өз үйүбүздөн чыкпай калбадыкпы. Анан эле ооруканага жатып, аз убакытта эле суук кабар келди. Бүбүкан Досалиева, Чыныбай Турсунбеков, Эркинбек, баары удаа кетти. Ал учурда карапайым эл бири-бирине жардам берип чуркап жүрүштү. Бирок парламент каникулга тарап кетип калды. Негизи ага чейин эле вирустун кооптуулугу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан айтылып жатпады беле. Көп суроолор бар.
© Фото / из семейного архива Эльмиры Тезекбаевой Элмира Тезекбаева: 2020-жылдын июль айында Эркинбек ооруп жатканын уктум. Ага чейин жакшы эле жүргөн. Ошол учурда ар кимибиз өз үйүбүздөн чыкпай калбадыкпы. Анан эле ооруканага жатып, аз убакытта эле суук кабар келди
Мастер спорта СССР, отличник физической культуры и спорта, общественный деятель Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Элмира Тезекбаева: 2020-жылдын июль айында Эркинбек ооруп жатканын уктум. Ага чейин жакшы эле жүргөн. Ошол учурда ар кимибиз өз үйүбүздөн чыкпай калбадыкпы. Анан эле ооруканага жатып, аз убакытта эле суук кабар келди
— Эркинбек Асанбековичке Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги наамы көзү өткөндөн кийин берилген экен.
— Бизде сыйлык жаатында башынан эле ар кандай сөздөр айтылып келет. Бир нече ирет эл аралык мелдештерге катышып, 12 чемпионду тарбиялап өстүргөнү үчүн эле убагында берилсе болмок. Өзү да маани бербесе керек. Ал эми Россиядан бул сыйлыкты мурда эле алган. Көзү өткөндөн кийин Искендер Алымбеков "чет мамлекеттен сыйлыктарды алып, эл аралык мелдештен эбак наам алган агабызга өзүбүз эч нерсе берген эмес экенбиз. Кой, уят" деп чуркап жүрүп, ошол жигит турнир өткөрүп, ошондо тапшырылды. Ал турнирди жылына өткөрүп турушат. Кабыл Макешов китебин жазып жатат.
© Фото / из семейного архива Эльмиры Тезекбаевой Элмира Тезекбаева: Өзү бапылдаган, ачык-айрым болчу. Айылда көйгөй жаралып калса "Катаган" жаштар уюумунун балдары келип Эркинбекке кеңешишчү. Жардамын эч аячу эмес
Мастер спорта СССР, отличник физической культуры и спорта, общественный деятель Эркинбек Тезекбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Элмира Тезекбаева: Өзү бапылдаган, ачык-айрым болчу. Айылда көйгөй жаралып калса "Катаган" жаштар уюумунун балдары келип Эркинбекке кеңешишчү. Жардамын эч аячу эмес
— Мүнөзү кандай адам эле?
— Өзү бапылдаган, ачык-айрым болчу. Кичинекейлер да аны жакшы көрчү. Туугандардын балдары барып калганда сөзсүз дүкөнгө алып барчу. Айылда көйгөй жаралып калса "Катаган" жаштар уюумунун балдары келип Эркинбекке кеңешишчү. Жардамын эч аячу эмес. Спортчуларды тандаганда да ар бирин көчөдөн таап келген. Бир ирет базардан чоң мүшөктү ийнине артып алып бараткан келинди көрөт. Токтотуп, "ай, сен спортчу болууга жарайт экенсиң, үйүңө барып жолдошуң менен үбөлүктү алып тартышып көрчү" десе тиги келин таң калып карап калат. Кийин "Газпромдон" Эркинбекти көрүп, чын эле үйүнөн күйөөсү менен таяк тартышып, бир нече ирет жеңип, күйөөсү аябай намыстанганын айтат. Ошону менен Чолпон, Эркинбек болуп ал келиндин үйүнө барып, күйөөсү менен таанышып, "таланттуу балбан кызды кармабай көтөрөлү, эл аралык мелдештерге катышсын" деп федерацияга алып келишкен. Кийин ал келин эл аралык мелдеште чемпион болбодубу (Назира Майлыбашева — ред.). Эркинбек каза болгондон кийин эле "бүттү деген ушу турбайбы" деп селдейип отуруп калдым. Анан Эл аралык федерациялардын көңүл айтуусун көрүп, шакирттеринин иштерине күбө болуп экинчи өмүрү башталганын, баары токтоп калбасын түшүндүм.
Геолог, геология-минералогия илиминин доктору Виталий Ставинский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
Талааны шаарга айланткан. Кыргызстандын биринчи геологу Ставинскийди эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0