АКШда кармалып турган өзбекстандык мигранттар Байденди сотко берди

© AFP / MANDEL NGANАКШнын президенти Жо Байден
АКШнын президенти Жо Байден  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн жарандары мыйзамсыз кармалышканын айтууда.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Мексика аркылуу АКШга барган өзбекстандыктар Жо Байденди сотко берди. Бул тууралуу Daryo маалымат агенттиги билдирди.
Аны менен катар Ички коопсуздук министрлигинин катчысы Алехандро Майоркаска, Иммиграция жана бажы кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Патрик Лейххайтнерге каршы да арыз жазышкан.
Редакция жалпысынан АКШнын ар кандай иммиграциялык борборлорунда (абак) отурган 35 өзбекстандык даттанганын белгиледи.
“Алар өз арызында улуттук белгилеринин негизинде дискриминацияланып кармалганын мыйзамсыз деп жарыялоону жана адвокаттын чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылышууда”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алар изолятор талапка жооп бербей турганына, жактоочу менен жолугушууга чектөө киргизилгенине арызданышкан.
Учурда коңшу өлкөнүн жарандарынын дооматы соттун кароосунда турат.
Евробиримдик менен АКШнын желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
АКШнын союздаштары экинчи ирет салынган санкцияларды сындап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0