“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам кабыл алынды

© Sputnik / Саид ГуциевСөөктү жерге берүү. Архивдик сүрөт
Сөөктү жерге берүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Жазылуу
Жаңы документте ар бир адамга ал өлгөндөн кийин керээзин эске алуу менен жайына коюу, мүрзө үчүн жерди бекер берүү каралган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул туурасында анын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Кыргызстанда мындай мыйзам жок эле.
Мыйзамдын максаты — сөөктү коюуну жүзөгө ашырууну, сөөк көмүлүүчү жайды жайгаштырууну, пайдаланууну жана карап-күтүүдө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоону камсыз кылуу.
Мыйзамда:
сөөктү коюу жайын уюштуруу шарты жана сөөктү коюу жайын уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү;
аны карап-күтүү жана көрктөндүрүү тартиби;
сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга жана аларды пайдаланууга санитардык талаптар каралган.
Документке ылайык, Кыргызстандын аймагында ар бир адамга өлгөндөн кийин керээзин эске алуу менен жайга коюу үчүн ушул мыйзамдын негизинде мүрзөсүнө жер тилкеси бекер берилмекчи.
Ошону менен бирге мурда көмүлгөн жайдын жанындагы жердин бош участогундагы орунду кийин жубайын көмүү үчүн брондоо Маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын кассасына өкмөттүн тарифине ылайык акча төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөрү белгиленген.
Арыз ээси Кыргызстанда жашаган жана иштегенин ырастоочу документтерди (адамдын өлгөндүгүн тастыктоо жөнүндө медициналык маалым кат) тапшырганда 3 жумушчу күндүн ичинде расымдык (сөөк коюуга) жөлөк пул алууга укуктуу.
Жубайы, жакындары-туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башкалары чыкпаса өлүктү көмүү, ошондой эле каза таап, бирок ким экени аныкталбаган адамды жерге берүү Маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызматка жүктөлөт.
Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо курулуштарды жөнгө салуунун башкы пландарына жана схемаларына, шаар куруу документтерине, жердин гидрогеологиялык мүнөздөмөлөрүн, рельефинин өзгөчөлүктөрүн жана башкаларды эске алуу менен калктуу конуштарды жана аймактарды куруу эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Мындан сырткары, санитардык ченемдерге жана тарыхый-маданий мурас объектилеринин жоктугуна, жасалган археологиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык жүзөгө ашырылат.
Юго-Западное кладбище Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2020
Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар
Жаңылыктар түрмөгү
0