Бишкек менен Оштон Өзбекстанга учак каттамдары көбөйтүлдү

© Sputnik / Алексей ФилипповТашкент шаарындагы аба каттамдары. Архивдик сүрөт
Ташкент шаарындагы аба каттамдары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Жазылуу
TEZ JET авиакомпаниясы каттамдарды RJ-85 жана MD-83 аба кемелери менен аткармакчы.
БИШКЕК, 24-фев.— Sputnik. Кыргызстандын TEZ JET авиакомпаниясы Өзбекстандан аба каттамдарын үзгүлтүксүз жүргүзүүгө уруксат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Жарандык авиация кызматы билдирди.
Уруксат эки мамлекеттин ортосундагы аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде берилгени айтылат.
TEZ JET авиакомпаниясы каттамдарды RJ-85 жана MD-83 аба кемелери менен аткармакчы.
Рейстердин багыты:
Ош — Ташкент — Ош;
Бишкек — Ташкент — Бишкек.
Qatar Airways компаниясынын учагы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Qatar Airways "Манас" аэропорту менен иштешүүгө кызыкдарлыгын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0