Honda Jazz имаратты сүзүп аңтарылып калган. Сүлүктүдө үч бала каза болду

© AP Photo / Steve HelberЖол кырсыктын кесепети. Архив
Жол кырсыктын кесепети. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Жазылуу
Унаа ичинде айдоочудан тышкары дагы эки киши болгон.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Сүлүктүдө жол кырсыгынан 17 жаштагы эки бала жана 21 жаштагы бир жигит каза болгонун Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматта О.А.Т. аттуу бала Honda Jazz автоунаасын айдап чыгып, Раззаков — Арка унаа жолунда рулга ээ боло албай трассадан чыгып кеткени айтылат. Натыйжада имаратты сүзүп, аңтарылып калган. Муну кесепетинен айдоочу бала, жүргүнчү катары бараткан 21 жаштагы жигит мүрт кеткен.
Ичиндеги дагы бир 17 жаштагы бала Лейлек райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келингенден кийин үзүлгөнү маалым болду.
Фура жолдо бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Бишкекте фуранын айдоочусу тестиер кызды тебелеп кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0