Украина: НАТО алдап, өмүрү жалп өчкөн Мыкола. Видео

Жазылуу
Бул ролик-мультик Украинада эмне болуп жатканын жана ири саясий оюнчулардын кызыкчылыктары адамдын тагдырына кантип таасирин тийгизгендигин Мыкола аттуу жарандын өмүрү менен баяндап берген.
"Ал 1991-жылдын жай айларынын соңун эгемен Украинанын атуулу катары тосуп алып, жаш мамлекеттин түптөлүшү менен бирге жол басты" деп башталат баян.
Мыкола өспүрүм кезиндеги жашоосун Украинага НАТОнун баш багышы өзгөрткөн. Эр жеткиче өлкөсүндө бүтүндөй бир муундун, бүтүндөй бир элдин жашоосун чайпалткан бир топ саясий окуялар болду. Туруксуздук аны бир жээктен экинчи жээкке ыргытты... АКШнын, Батыштын, Евробиримдиктин Россияны көздөп, бирок Украина аркылуу жасаган саясаты акыры жигитти окопко алып келип тынды... Ошентип өмүр өчтү. Мыколанын тагдыры өзүнө окшогон миңдеген мекендешинин тагдырын чагылдырып турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0